Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:05

Орусия: «жалган» маалыматтын жазасы


10-мартта бир нече шаарда Интернеттин эркин болушун талап кылган акциялар өттү.
10-мартта бир нече шаарда Интернеттин эркин болушун талап кылган акциялар өттү.

Орусиянын Федерация кеңеши Мамлекеттик Думадан өткөн «жалган» маалымат тараткандарды, бийлик органдарына, мамлекеттик символдорго акарат келтиргендерди жазалоо тууралуу мыйзам долбоорлорун жактырды.

Документке президент Владимир Путин кол койсо, күчүнө кирет. Көптөгөн жарандар жана укук коргоочулар бул мыйзам долбоору Интернетте мамлекеттик цензураны күчөтөт деп чочулашууда.

Жаңы мыйзам долбооруна ылайык, Интернетке «бурмаланган» маалымат чыкса, прокуратура Орусиянын байланыш жана маалымат технологиялары тармагын көзөмөлдөгөн «Роскомнадзор» мекемесине кайрылат. Ал тиешелүү тараптан маалыматты алып салууну талап кылат, болбосо провайдер аркылуу ал сайтка бөгөт койдура алат.

Мыйзам бузган жаран 100 миң рубль, ал эми жооптуу кызматкерлер 200 миңге чейин, юридикалык тарап болсо жарым миллион рублга чейин айыпка жыгылат. Ал эми Интернетте мамлекеттик символдорго акарат келтирген жаран 100 миң рублга чейин айып төлөйт же 15 күнгө камалат. Эгер экинчи жолу мыйзам бузса 200 миң рублга чейин айып салынат.

Мыйзам долбоорунун авторлорунун бири, депутат Андрей Клишас сөз эркиндигин колдоорун, ошол эле кезде айрым эрежелер да сакталышын жактай турганын айтууда.

- Бизди бул кадамга чыныгы жагдай түрттү. Бул чөйрөнү кандайдыр бир деңгээлде жөнгө салуу керек, азыркыдай абалда калбашы зарыл. Чуулгандуу "Зимняя вишня" окуясында чет өлкөдө отурган бир блогер "жүздөгөн адам өлүп жатат, элге чыныгы маалыматты бербей жатат" деп ар кандай билдирүүлөрдү жарыялаган. Мына ушул сыяктуу нерселерге мыйзамдык чектөө болушу зарыл.

Кемероводогу "Зимняя вишня" соода жана оюн-зоок борборунда былтыр март айында өрт чыгып, 60 адам өлгөн. Алардын 41и балдар болгон. Маалымат каражаттары кырсыкка коррупция, өрт коопсуздугунун сакталбаганы жана бизнестин жоопкерчиликсиз мамилеси себеп болгонун аташкан.

Орусиянын Федерация Кеңеши.
Орусиянын Федерация Кеңеши.

Президентке караштуу Адам укугу боюнча кеңеш Федерация Кеңешин Интернетке көзөмөлдү күчөткөн мыйзам долбоорун четке кагууга жана аны кайра иштеп чыгууга жиберүүгө чакырган. Анын мүчөсү Екатерина Шульмандын оюнча, жаңы мыйзам долбоору Кылмыш жана Жарандык кодекстерди, Жалпыга маалымдоо каражаттары боюнча мыйзамдагы беренелерди кайталап калат.

- Алар абдан эле так эмес жана бул мыйзамдарды өзүм билемдик менен колдоно баштоого жол ачат. Анда укуктук болбогон терминдер бар. Мисалы, жалган маалыматты атайын жаман ниетте таратканы кандай жол менен далилденет? Сотто адам, медиа же уюм алар тараткан маалымат чындыкка дал келбесин билген дегенди кантип ырасташат?

Кремль жаңы мыйзам цензураны күчөтөт деген сындарга макул эмес. Орусияда акыркы кезде Интернетти жөнгө салган бир катар мыйзамдар кабыл алынууда.

10-мартта бир нече шаарда Интернеттин эркин болушун талап кылган акциялар өттү.

10-марттагы акциянын катышуучусу.
10-марттагы акциянын катышуучусу.

Мамлекеттик Дума февраль айында «көз каранды эмес Рунет» деген атка конгон мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырган. Расмий түшүндүрмөгө ылайык, бул документ Дүйнөлүк желе менен байланыш үзүлүп калган шартта Орусиянын Интернет сегментинин же Рунеттин үзгүлтүксүз, өз алдынча иштей беришин камсыз кылууну жана ар кыл киберчабуулдардан коргонууну көздөйт. Бирок активисттер бул мыйзам кабыл алынса, бийлик Интернетти толук көзөмөлгө алаарын айтып жатышат.

10-марттагы митингдин уюштуруучулары “Орусия – Иран же Түндүк Корея эмес, биз цивилдүү дүйнөнүн бир бөлүгүбүз. Бирок Путиндин бийлиги Батыштан артта калышыбыз үчүн баарын жасоодо. Цензуранын тору турмушубузду дагы терең чырмап баратат. Биз Орусиянын дүйнөлүк желеден обочолонушуна каршыбыз жана эркин Интернетти талап кылабыз” деп билдирүү таратышты.

Акцияга чыккандар бир ооздон Орусияда Интернет эркин болушу керек экенин айтып жатышты.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG