Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:09

Украина Орусиянын социалдык түйүндөрүн чектейт


Украина президенти Петр Порошенко Орусиянын интернет ресурстарына тыюу салды. Мындай чара "Украинанын маалымат айдыңын Орусиянын пропагандасынан коргоо үчүн" кабыл алынган.

Украинанын президенти Петр Порошенко өлкөдө орусиялык "В контакте", "Одноклассники" социалдык тармактары менен Майл.ру, Яндекс сервистеринин иштөөсүнө бөгөт койду. Тийиштүү буйрукка ал 16-майда кол коюп, колдонуучулар менен коштошуп, орусиялык "В контакте" социалдык тармагынан чыгып кеткен:

- Украиналык интернет-провайдерлер "В контакте", "Одноклассники", Яндекс жана башка орусиялык сервистерди токтотушу керек. Президенттин бул сервистердеги бардык расмий барактары жабылат. Коопсуздук үчүн өз мекендештеримди орусиялык сервистерден чыгууга үндөйм.

Орусияга каршы экономикалык санкциялардын жаңы тизмесинде 1228 жеке жактын жана 500гө жакын уюмдун Украинада иштөөсүнө чектөө киргизилген. "Кара тизмеге" орусиялык интернет-компания, телеканал, банктардан тышкары Мамдуманын депутаттары, аскерий кызматкерлер жана айрым журналисттер алынган.

Украина Орусияга каршы санкцияны Крым жарым аралына жана түштүк-батыштагы жаңжалга байланыштуу 2015-жылы сентябрда киргизген. Кийин Орусияга каршы санкциялар бир нече жолу толукталып турган.

Украинада иштөөгө тыюу салынган телеканалдардын ичинде Орусиянын "ТВ Центр", РБК, "НТВ-плюс", "Звезда", ТНТ, РЕН, ОРТ жана Биринчи канал да бар. Ошондой эле «Касперский лабораториясы» жана DrWeb деген антивирустук ишканалардын сайттары блоктолгон.

Өлкөдө маалымат коопсуздугун сактоо үчүн орусиялык интернет ресурстардын ишин токтотуу демилгесин жыл башында Украинанын Ички иштер министрлигинин башчысынын кеңешчиси Зорян Шкиряк көтөрүп чыккан.

- Быйыл Украинанын маалымат айдыңын Орусиянын пропагандасынан коргоо керек. Менин оюмча Орусиянын "В контакте" жана "Одноклассники" социалдык тармактарын блоктоодон баштоо керек. Алар толугу менен Орусиянын атайын кызматтарынын көзөмөлүндө жана башкаруусунда.

Шкиряк Рада президенттин буйругун аткарбагандарды жоопко тартууга шарт түзгөн мыйзамды кабыл алышы керектигин белгилеген. Мындай мыйзам долбоорду ИИМ жакын арада сунуштайт.

Украинадагы ири байланыш оператору "Укртелеком" компаниясы Порошенконун буйругун аткарууга бир апталык убакыт кетерин, орусиялык сайттарды блоктоо иштери башталганын билдирген.

Украинада "В контакте", "Одноклассники" жана Майл.ру тармактарын 25 миллиондон ашуун киши колдонот. Аталган тармактар чектөөлөргө карата жооп кайтарышты.

"Биз саясатка эч качан аралашкан эмеспиз. Биз интернеттин чеги жок деп ишенебиз. Биз колдонуучулардын кызыкчылыгын дайыма коргоп келгенбиз жана дагы да коргой беребиз" деп айтылат Mail.ru компаниясы жарыялаган билдирүүдө.

Украина "Фридом Хаус" укук коргоо уюмунун рейтинги боюнча былтыр интернет айдыңы «жарым-жартылай чектелген» өлкө деп табылган. Петр Порошенконун бул буйругу өлкөдө сөз эркиндигине доо кетирет деп баалагандар арбын. Андан тышкары Украинада орусиялык компаниялардын бөлүмдөрүнүн жабылышынан миңдеген украиналыктар жумушсуз калары айтылууда.

"Бул биздин сервистерди колдонгон 11 миллион украиналыктарга жана биздин технологиялар менен иштеген миңдеген украиналык уюмдарга каршы санкция", - деп билдирүү таратты "Яндекс" компаниясы.

Интернетке чектөө Кытай, Түркия жана Иран өлкөлөрүндө да бар. Иранда Facebook социалдык тармагына жана Telegram мессенджерине чектөө киргизилип, колдонуучулардын аккаунттарын өкмөт блоктоп келет.

Түркияда болсо былтыр июлда аскерий төңкөрүш жасоо аракеттери жүрүп жаткан маалда өкмөт Facebook, Twitter жана Youtube каналдарын токтотуп койгон. Ал эми Кытайда бардык чет элдик социалдык тармактар өкмөттүн көзөмөлүндө турат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG