Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:43

Такси айдоочулар «Яндекске» каршы акцияга чыгышты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте 3-февралда жергиликтүү такси айдоочулар акцияга чыгып, «Яндекс» кызматын рыноктон чыгарууну, тиркемеге бөгөт коюуну талап кылышты.

Уюштуруучулар акцияга ондогон айдоочулар катышканын билдиришти. Алар темир жол бекетинин алдына чогулуп, андан кийин өкмөт үйүнүн алдында акциясын улантышты.

Топтолгондор “Яндекс.Такси” Кыргызстандагы ишин токтотушу керек деп эсептешет. Аталган компания көптөгөн айдоочуларды өз катарына тартып алганы менен комиссияны көбөйтүп салганын, жергиликтүү кызматтар атаандаштыкка туруштук бере албай калганын айтышты:

"Кечээ күнү "Яндекс" комиссияны көбөйтүп салды. Биз өзүбүз "Яндексте" иштейбиз. Бирок аны жаптырыш керектигин талап кылабыз. Анткени, биздин тапкан акчабыз "Яндекске" эле өтүп кетип жатат. Мындайча айтканда, чет мамлекетке кетүүдө. Ата мекендик такси кызматтары иштесин деп жатабыз. Себеби, алардын комиссиясы аз. Бизге ошол ылайыктуу. Ошол жакта иштеп бере алабыз. Бирок "Яндекс" атаандаш болуп, иштетпей жатат. Андан мамлекетке салык да түшпөйт", - деди акцияга чыккандардын бири.

Айдоочулар жергиликтүү кызматтар менен катар эле "Яндекс" тиркемесине кошулуп, анда иштөөгө аргасыз болуп жатканын белгилешти.

Нааразы тарап менен Бишкек шаардык патрулдук милициясынын өкүлдөрү жолугушкан учурда "Яндекс" кызматында башкалаада он миңден ашуун машине иштей турганын билдиришти. Алар маселени жаңы өкмөттүн курамы бекитилген соң Маалымат жана байланыш комитети менен карап, чечүүнү сунуш кылгандан кийин айдоочулар тарап кетишти.

Орусиялык "Яндекс" маалыматтык технологиялык компаниясынын такси кызматынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү нааразылык акциясындагы талаптар тууралуу комментарий бере элек.

Компаниянын сайтында айдоочуларга жергиликтүү башка такси кызматтары менен катар эле "Яндексте" иштөө, ыңгайлуу жана каалаган учурда жумушка чыгуу боюнча мүмкүнчүлүк берилери жазылган. (NT)

XS
SM
MD
LG