Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:59

Жо Байден иммиграциялык саясат боюнча жарлыктарга кол койду


2-февралда АКШнын президенти Жо Байден мурдагы мамлекет башчы Дональд Трамптын катаал иммиграциялык саясатын жокко чыгаруу кадамдарын баштады. Байден кол койгон буйруктардын арасында мигрант ата-энелерден балдарын ажыратууга чекит коюу да бар.

2018-жылы башталган мигрант ата-энелерден балдарын ажыратуу боюнча Трамптын саясаты бир катар талаш-тартыштарды жараткан. Мурдагы президент өз программасын мыйзамыз миграцияга чекит коюу максаты менен түшүндүрүп келген.

Байден 2020-жылдагы шайлоо өнөктүгүнүн маалында балдар менен ата-энелерди кайрадан бириктирүүнү убада кылган. АКШнын басма сөз каражаттарына чыккан маалыматтарга ылайык, 600дөй бала ата-энелеринен ажыратылган. Алар учурда туугандарында же асырап алгандардын үйүндө жашашат.

«Мурдагы администрация ата-энелердин колунан балдарын жулуп алган. Муну менен алар улутту уят кылды. Биз мунун үстүнөн иштейбиз"-деди Байден.

Балдардын ата-энелерин издөө менен эми жаңы ички иштер министри Алехандро Майоркаса алектенет. АКШ Сенаты 2-февралда аны Ички иштер министрлигинин башына бекитти. Ал бул кызматты ээлеген алгачкы латынамерикалык иммигрант болуп калды.

XS
SM
MD
LG