Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:27

Новиков "кара тизме" жөнүндө көбүрөк түшүндүрүүнү тапшырды


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Биринчи вице премьер-министр Артем Новиков миграцияга байланыштуу иш алып барган өкмөт өкүлдөрү менен 23-апрелде жыйын өткөрүп, Орусиядагы кыргызстандыктарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.

Новиков 21-апрелде орус өкмөт башчысынын орун басары Алексей Оверчук менен жолугуп, февраль айындагы президент Садыр Жапаровдун Москва сапары учурунда талкууланган айрым маселелер, “Спутник V” вакцинасын Кыргызстанга алып келүү жана Орусиядагы кыргызстандык эмгек мигранттарынын статусу тууралуу сүйлөшкөн.

Орус тарап быйылкы жылдын 15-июнуна чейин бул өлкөдөгү чет элдиктердин укуктук макамын катоодо административдик чара көрүлбөй турганын, Орусиянын аймагынан чыгуу зарылчылыгы жоктугун билдирген.

Новиков мигранттардын Орусиядан депортацияланбашы үчүн элчилик, консулдуктар менен мамлекеттик органдар чогуу иш алып барышы керектигин баса белгиледи.

“Орусиялык расмий тарап эмгек мигранттарынын укугун басмырлаган иш аракеттерди кылбайт. Бирок, мигранттар да өз кезегинде өзүнүн расмий макамын аныктап, документтерин тактап алышы керек. Бул үчүн диаспоралар менен чогуу иш алып барып, ар бир кыргызстандык эмгек мигрантына документтерин тактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүрсүн”, - деди Новиков.

Бир нече күн мурда Орусиянын ички иштер министрлиги КМШ өлкөлөрүнүн өкмөттөрүнө мыйзамсыз жүргөн мигранттардын маселесин тез арада чечүүнү талап кылып, документ иштерин бүтүрбөгөн мигранттарга 15-июнга чейин чыгып кетүүнү же өлкөдө жүрүү тартибин мыйзамдаштырууну эскерткен.

Орусиянын Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, өлкөдө бир миллиондон ашуун мыйзамсыз жүргөн мигранттар бар. Алардын көбү Өзбекстанга, Тажикстанга, Украинага, Азербайжанга жана Кыргызстанга туура келет (BCh).

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG