Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:31

Путин менен Байден июнда жолугушуусу мүмкүн


АКШнын президенти Жо Байден жана Орусиянын лидери Владимир Путин.
АКШнын президенти Жо Байден жана Орусиянын лидери Владимир Путин.

Орусиянын президенти Владимир Путин менен АКШнын лидери Жо Байден июнь айында жолугушуусу мүмкүн. Бул тууралуу 25-апрелде Кремлдеги жогорку даражалуу кеңешчилердин бири билдирди.

Мурдарак ушул айда Байден эки өлкөнүн алакасы чыңалып турган маалда орус лидерине көзмө-көз жолугушууну сунуштаган. Путиндин тышкы саясат боюнча башкы жардамчысы Юрий Ушаковдун айтымында, жолугушуу тууралуу так чечим чыга элек, бирок июнь айында болуп калышы ыктымал.

25-апрелде Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров саммит өткөрүү сунушу "жылуу кабыл алынып, учурда каралып жатканын" билдирди.

Июнь айындагы бул жолугушуу Байдендин Британияда өтчү "Чоң жетинин" жана Брюсселде уюштурула турган НАТО менен Евробиримдиктин саммиттерине дал келип калышы ыктымал.

Ак үй маалымдагандай, Байден менен Путин жолугушуу Европадагы нейтралдуу мамлекеттердин биринде өтүшү мүмкүн. Буга чейин Австрия менен Финляндия эки лидерди кабыл алууга кызыкдар экенин ишара кылышкан.

Орусия менен АКШ ортосундагы чыңалуу соңку айларда курчуп кетти. Буга Украинадагы кырдаал, Вашингтондун Москвага салган санкциялары, Алексей Навальныйдын камалышы жана башка себептер түрткү болууда.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG