Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:04

Кыргызстан АКШны чочутабы?


"Ысык-Көл" мейманканасына чогулган жаңы бийликтин тарапкерлери. 15-октябрь, 2020-жыл
"Ысык-Көл" мейманканасына чогулган жаңы бийликтин тарапкерлери. 15-октябрь, 2020-жыл

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама. 31-май—6-июнь.

Atlantic Council деп аталган америкалык аналитикалык борбор 2-июнда “Кыргызстанда АКШга коркунуч өсүп баратат” деген макаланы басып чыгарды.

“Netflix жана Amazon эмки жолу саясий триллер тартуу үчүн сюжет издегенде Кыргызстандан башка жерди карабай эле коюшса болот. Президент Садыр Жапаровдун бийликке келген жагдайлары тарых китептеринде, а балким чоң экранда чагылдырылчудай”, - деп баштайт материалын Лилиан Познер.

Андан ары автор былтыркы октябрдагы окуяларга, Жапаровдун Конституцияны кайра жазуу, башка демилгелерине токтолуп, "сынчыларынан, анын ичинде АКШдан өч алууну көздөйт" деп жазат.

Кыргыз тарыхындагы кинематографиялык элементтерди Кошмо Штаттардын Кыргызстандагы элчиси Доналд Лу дагы байкаганын белгилеген Познер, анын бул окуя “Голливуддун мафия жөнүндөгү фильмин” эске саларын, бирок финалы дагы белгисиз деген сөздөрүн келтирет. Ушул эле жерде Лу эми Мамлекеттик департаментке жаңы кызматка кетип жатканы, Жапаровдун режиминин кыргызстандык жана америкалык институттарга чабуулдарына каршы туруу жаңы элчинин милдети болору айтылат.

Америкалык институттар бутага алынган мисалдардын катарында Борбор Азиядагы Америка университетинин президенти Эндрю Кучинстин маңзат алып келүүгө айыпталышынын чоо-жайы баяндалып, андан тышкары Райымбек Матраимовдун Вашингтондун "кара тизмеге" илингени тууралуу жазылган.

Познер социалдык тармактарда "Кыргызстанды талкалоону көздөгөн америкалык агенттер" деп аталган уюмдар тууралуу тараган видеолорду эске салган. Алардын арасында ЮСАИД, Эркин Европа/Азаттык радиосу, Улуттук демократия фонду (NED) жана башкалар бар болчу. Автордун пикиринде, жаңы элчи америкалык институттардын жана алардын кыргызстандык өнөктөштөрүнүн добушун басуу аракеттерин эске алууга тийиш.

"Өзгөчө АКШ аскерлери Ооганстандан чыгарылып жаткан учурда, Вашингтондун Борбор Азия менен тыгыз кызматташууга жүйөсү азаюуда", - деп уланткан журналист Американын демократияны калыптандыруу аракеттери кыргыз элинин коопсуздугуна жана жарандык эркиндиктерине келгенде абдан маанилүү экенин белгилейт.

Познер америкалык өкмөттүк агенттиктер Кыргызстанга жылына 40-60 миллион долларды элдин жашоосун жана башкарууну жакшыртууга салып келерин, бирок карапайым элдин көбү ал программалардан пайда көрбөгөнүн жана каражат АКШдан келгенин деле билбегенин жазат.

"Ал эми Кытай салган завод же фабрикадан бардыгынын кабары бар", - деп уланткан автор.

Журналист Вашингтон "Кыргызстандагы көйгөйлөргө Батыштын тиешеси жок экенин такай кайталап турушу керек, Жапаровго тамырлашкан коррупция жана теңсиздикти Батышка шилтеп салууга жол бербөөгө тийиш" деп эсептейт.

Фамилияң ким?

Франциянын маалымат каражаттары балдарга энесинин да фамилиясын берүү демилгесин чагылдырып келатышат. Мындай сунуш менен бийликтеги партиянын депутаты Патрик Виньал жана демилгелүү топ Юстиция министрлигине кайрылышты.

Le Monde гезити жазгандай, Францияда 10 баланын сегизи атасынын гана фамилиясын алып жүрүшөт. Депутат “жаңы система аялдардын коомдогу ордун жакшыртууга салым кошорун” белгилейт. Сунушка ылайык, төрөлгөндө наристеге эки фамилия берилип, 18 жашка толгондо ошол бойдон калтырууну же бирөөнү гана тандоону өзү чече алат.

2002-жылы кабыл алынган мыйзамга ылайык, ата-эне ымыркайды кимдин атына каттоону өздөрү билишет. Же болбосо метрикасына экөөнүн тең фамилиясын жаздырса болот. Ал эми алар орток пикирге келе албаса, балага автоматтык түрдө атасынын фамилиясы берилет.

Макалада турмуштан алынган мисалдар, мындай эреже өзгөчө аял ажырашкандан кийин, кыз кезиндеги фамилиясын кайтарып алганда же экинчи жолу күйөөгө чыгып, дагы бир чүрпөлүү болгондо, балдарынын ар бири бөлөк аталарга катталып, көптөгөн ыңгайсыздыктарды жаратары баяндалат.

Демилгенин колдоочулары “Эне балага жашоону тартууласа, атасы атын берет” деген эски лакап адилеттүү эмес дешет.

La Croix басылмасы да бул темага кайрылып, айрым аялдар үчүн ажырашкандан кийин мурдагы күйөөсүнүн атын улам-улам атап, жазуу жагымсыз болушу ыктымал экенин баяндады. Гезит жаңы сунушка каршы чыккандардын ой-пикирлерине да орун берген.

Алардын кээ бири "айрым үй-бүлөлөрдүн укуктарын коргойбуз деген шылтоо менен башкалардын укуктарын чектегени атышат, себеби азыр баланын фамилиясын тандоо мүмкүнчүлүгү бар, ал эми жаңы эреже атасынын да, энесинин да атын алууну таңуулап жатат.

Элестетсеңер, бала 18 жашка чыккандан кийин эки фамилияны тең калтырууну чечет, анан ал үйлөнгөндө колуктусу да кош фамилиялуу болсо, балдарынын атына анда төрт фамилия кошулуп калабы?" деген суроону көтөргөн. Экинчиден, 18ге толгондо тигил же бул фамилияны калтырууну чечкенде, атасы менен энесинин ортосунда тандоо керектей сезишет деген көз караштар да жок эмес экенине токтолгон.

Буга өңдөш тема чех маалымат каражаттарында да талкууланууда. Жаңы жылдан баштап чех аялдарына фамилиясын "ова" деген мүчөсүн улабай эле, эркектердикиндей жаздырууга уруксат берүү тууралуу мыйзам долбоору парламенттин жогорку палатасынан өтпөй калды. Азыр андай мүмкүнчүлүк чет өлкөлүк аялдарга, чет өлкөлүккө турмушка чыккандарга, башка мамлекетте жашаган чехтерге же чет элдик жарандарга гана берилет. Жаңы мыйзам болсо каалоочуларга себебин түшүндүрбөстөн "овасы" жок фамилия жаздырууга жол ачмак.

Мыйзам долбоорунун авторлорунун бири Хелена Валкова азыркы эреже аялдарды эркектерден төмөн коерун, күйөөсүнөн көз каранды кылып көргөзөрүн айтып келатат. Экинчиден, тажрыйбалык жагы, демилгени колдогондор "чет өлкөлөргө чыкканда жубайлардын фамилиялары бирдей эмес болгондо, кээде түшүнүксүз абалга алып келет" деген пикирде.

Бирок тилмечтер жаңы долбоор кабыл алынса, чех тилинин эрежелери бузулбайбы деген маселени да көтөрүп келишет.

Бул эреже чет элдик ысымдарга да тиешелүү. Мисалы, немис канцлери Ангела Меркелди чехтер Меркелова деп аташат. Америкалык президенттин жубайы Жилл Байден чехче Байденова болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG