Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:47

Вакцина жакыр өлкөлөргө жардам катары берилет


Вакцина саюу учуру. Вьетнам. 2021-жыл.
Вакцина саюу учуру. Вьетнам. 2021-жыл.

Вашингтон 3-июнда коронавируска каршы вакцинанын 80 миллион дозасын башка мамлекеттерге таркатып берүү боюнча планын жарыялайт.

Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен 2-июнда АКШнын Коста-Рикадагы элчилигинде сүйлөп жатып билдирди. АКШ бул планды COVAX механизми менен макулдашып, ишке ашырганы турат.

"Биз вакциналарды таратуу жараяны кандай критерийлер менен жүрөрүн жакында жарыялайбыз. Эң негизгиси, вакциналарды адилеттүү бөлүштүрүүгө көңүл бурабыз",- деди Блинкен.

17-майда Американын президенти Жо Байден да 20 миллион доза вакцина таратыларын жарыялаган. Ошентип, июнь айынын соңуна чейин АКШ 80 миллион доза вакцинаны жакыр мамлекеттерге таркатып бермей болду.

Байдендин айтымында, бул демилге пандемияга каршы глобалдык күрөштө АКШнын лидерлигин калыбына келтирүүгө багытталган.

2-июнда COVAX механизми ар кандай мамлекеттерден жана жеке демөөрчүлөрдөн алгылыктуу колдоо тапканын жарыялады. Демөөрчүлөр 2,4 миллиард доллар бөлүп берүүнү убада кылышкан.

Мындай убадалар Жапония менен GAVI вакциналар альянсы уюштурган видео саммит учурунда берилди. Аталган альянс Дүйнөлүк cаламаттык сактоо уюму менен биргеликте COVAX механизмин жетектейт.

"Бүгүнкү саммит дүйнө жетекчилери муну түшүнүп, колдоп жатканын ачык-айкын көрсөттү. Айтылган убадалар тилектештикти билдирет. Баарыбыз «бирдиктүү корголгон дүйнөгө» карай кадам жасадык",- деген альянстын төрагасы Хози Мануэль Баррозо COVAX 9,6 миллиард доллар чогултканын кошумчалады.

Жапониянын өкмөтү 800 миллион доллар бөлүп берүүнү убада кылды. Премьер-министр Ёсихидэ Суганын айтымында, келечекте өлкө өзүндө өндүрүлгөн вакцинанын 30 миллион дозасын бөлүшүүгө даяр.

Испаниянын өкмөт башчысы Педро Санчес 15 миллион доза вакцина жана 61 миллион доллар бөлүп берерин убада кылды. Австралия дагы 39 миллион доллар кошумча бермей болду. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейсус батыш калкынын көбүн эмдеп койгону менен, жакыр мамлекеттерде медицина кызматкерлери ушул күнгө чейин корголбой жатканына тынчсыздануу билдирди.

Ал дүйнөдө колдонулган 1,8 миллиард дозанын 0,45% гана өнүкпөгөн мамлекеттерде сайылганын айтып, бул этикалык, эпидемиологиялык жана экономикалык жактан дагы туура эмес деген ой бөлүштү.

Июнда аталган программанын алкагында Кыргызстан да британдар менен шведдер чыгарган "AstraZeneca" вакцинасынын 210 миң кишиге жеткидей дозасын алары кабарланган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG