Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:54

Гутерриш: COVID-19га каршы “согуш абалындабыз”


Бишкектеги эмдөө. Иллюстрациялык сүрөт
Бишкектеги эмдөө. Иллюстрациялык сүрөт

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш дүйнө COVID-19 илдетине каршы “согуш абалында” деп билдирип, пандемия менен күрөштө вакциналардын тегиз бөлүштүрүүгө чакырды. Ал тапта АКШ менен Европада эмдөө өнөктүгү күч алганы коронавирус инфекциясына кабылгандар жана илдеттен каза тапкандар азаюуда.

Антониу Гутерриш 24-майда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун жылдык ассамблеясына кайрылуу сөзүндө пандемия 3,4 миллиондон ашуун кишинин өмүрүн жалмаганын, 500 миллиондой иш орун жоюлганын белгиледи:

Антониу Гутерриш (архив)
Антониу Гутерриш (архив)

"Пандемиянын кесепети өзгөчө эң аярлуу катмарларга катуу тийди. Биз азыр көбүрөк аракет көрбөсөк, бай мамлекеттер элинин басымдуусун эмдеп, экономикалары жандана баштайт. Ал маалда вирус кедей өлкөлөрдө жайылып, мутациялап, элдин азап чегүүсү улана берет".

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму вакциналарды бөлүшүү үчүн COVAX программасын түзгөнү менен каражаттын тартыштыгынан жакыр өлкөлөрдү препараттар менен камсыздоо үзгүлтүккө учурап жатат.

Азыркы тушта эң жакыр өлкөлөрдө калктын 0,3 проценти гана эмделди. Ал өлкөлөрдө жашаган элдин жалпы саны дүйнө калкынын 10 процентин түзөт.

Пакистан
Пакистан

Өткөн аптада Гутерриш "Чоң Жыйырманын" мүчөлөрүн эпидемияны жеңүү үчүн вакцина чыгарууга кудурети бар бардык өлкөлөрдүн башын бириктирген топ түзүүгө үндөгөн. Баш катчынын айтымында, андай топ вакцина, илдетти дарылоо жана диагноз коюу жаатында алдынкы технологияны, каражаттарды адилет бөлүштүрүүнү тескемекчи.

Гутерриштин кайрылуусу АКШ менен Европада инфекциялангандар азайып, акырындык менен чектөөлөр алынган маалга туш келди.

Израилдин саламаттык сактоо министри 23-майда билдиргендей, өкмөт уруксат берсе, 1-июндан тартып бардык карантиндик чаралар жоюлмакчы.

Өлкө былтыр декабрда эмдөө өнөктүгүн баштап, анын арты менен инфекциялангандар, ооруканага түшкөндөр жана вирустан көз жумгандар кескин азайды. Бийлик бар, ресторандарды, башка коомдук жайларды ачкан. Бирок ал жерлерге вакцинанын эки дозасын тең алгандар же коронавирус оорусунан айыгып чыккандар гана ээн-эркин кире алат деген чектөө киргизген. Эми болсо ал эреже жоюлуп, бардык элге уруксат берилгени жатат.

Европанын бир катар жеринде да жайдын келиши менен бир топ чектөөлөрдүн алынары күтүлүүдө. Британиянын саламаттык сактоо министри Мэтт Хэнкок калк санитардык эрежелерди карманып, мурдагыдай сак болсо, 21-июндан баштап, өлкө чектөөлөрдү алуунун соңку фазасына өтөт деп ишенерин айтты.

Прагадагы эмдөө борбору
Прагадагы эмдөө борбору

Чехиянын өкмөт башчысы Андрей Бабиш 14-июндан тартып коронавирустун жайлышына каршы эрежелерди жумшартуу пландалып жатканын билдирди. Тиешелүү сунушту кабинет ушул дүйшөмбүдө талкууламакчы.

Венгрияда өткөн дем алыштарда 9,8 миллион калкынын 5 миллиону вакцинанын биринчи дозасын алып бүттү.

Кошмо Штаттарда COVID-19дун жайылуусу басаңдап, вирустун жаңы учурлары өткөн июлдан бери биринчи жолу эң төмөн чекке түштү. Өлкөдөгү бардык адамдар, жарандыгына карабай эмделүүдө.

Индиянын Саламаттык сактоо министрлиги коронавирустан көз жумгандардын жалпы саны 300 миң кишиден ашканын билдирди. Өлкө ошентип бул жагынан АКШ жана Бразилиядан кийинки орунга чыкты. Бирок адистер бул статистика реалдуу кырдаалды чагылдырбасын, чыныгы сандар мындан көп экенин эскертишет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG