Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:06

Майыптыгы бар балдардын айтылбаган көйгөйү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда соңку жылдары тубаса майып болуп төрөлгөн балдардын арасында Даун синдрому, шал, нерв оорулары көбүрөөк кездешүүдө. Адистер буга социалдык-экономикалык, экологиялык абал, ошондой эле үй-бүлөнү, балалуу болууну пландоого көңүлкош мамиле себеп экенин белгилешет. 

Мадина Маразыкованын 17 жаштагы уулунун көрүүсү начар. Бала азиздер мектебинде 9-класска чейин гана билим алган. Анын энеси майыптыгы барларга шарт, бирдей мүмкүнчүлүк жоктугуна кейиди.

“Жок эле дегенде мектептеги мугалимдерди атайын даярдыктан өткөрүү зарыл. Ал жерде майыптыгы бар балдарды эч ким кемсинтпеши керек. Кээ бир балдар баса албайт, айрымдары укпайт же көрбөйт. Бирок алар да башка балдардай эле мамлекеттик мектептерде билим алууга укуктуу”.

Ош шаарындагы “Улыбка” коомдук фонду шаардагы майыптыгы бар балдардын ата-энелеринин суранычы менен 2012-жылдан бери 15 дудук баланы окутуп келген. Коронавирус пандемиясынан улам өткөн жылы окуу үзгүлтүккө учураган.

Коомдук фондун төрайымы Элмира Умарова журналистер менен бирге шаарда жүздөй майып бала окуудан калганын аныктаган.

Elmira Umarova
Elmira Umarova

“Биз иликтөөдө Ош шаарын эле камтыганбыз. Ошондо 98 бала онлайн да, офлайн окууга да тартылбаганы ачыкталган. Биз Ош шаардык билим берүү башкармалыгына кайрылганыбызда алар үйгө барып окутуу чечимин кабыл алышкан. Бирок билим берүүнүн сапаты начар. Мындай балдарды ар бир эле мугалим окута албайт. Атайын даярдыктан өткөн гана мугалим керек”.

Ош шаарында 81 орто мектеп бар, анда жалпысынан 78 миңдей бала окуйт. Мындан сырткары жүздөн ашуун майыптыгы бар бала үйдөн окутулушу керек эле. Аларга Ош шаарындагы мамлекеттик мектептин мугалимдери үйүнө барып сабак өтөт.

Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Бектурсун Көкөнов адистер жетишпегени үчүн дудук балдардын сабатын ачкан окуу борбору жок экенин айтып берди.

“Бизде дефектологдор жетишсиз. Дудук балдар үчүн Кара-Суудагы атайын ачылган балдар бакчасы менен мектеп гана бар”.

Ош шаардык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкери Сыргагүл Султанованын айтымында, 2019-жылдын 1-июнуна караганда 2021-жылдын 1- июнунда майыптыгы бар 18 жашка чейинки балдардын саны жүзгө көбөйгөн.

Өнүккөн өлкөлөрдө жүрүм-турум жана акыл-эс жагынан майыптыгы бар адамдар коомдун ажыратылгыс бөлүгү катары саналып, алардын толук кандуу жашоосуна керектүү шарттар түзүлгөн. Кыргызстанда болсо майыптыгы барларга карата стереотиптер өзгөрө элек.

Кырктай бейөкмөт уюмдун башын бириктирген “Жаңырык байланыш желеси” бирикмесинин координациялык комитетинин төрайымы Зейнеп Эшмуратова майыптыгы бар адамдарга мамилени түп-тамырынан оңдоого мезгил жеткенин айтты.

“Ар бир баланын муктаждыгын эске алып, аларды калыптандыруу, өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуу абзел. Бизде болсо иштелип чыккан программалар жеткиликтүү эмес. Коомдук жайларда жана мамлекеттик түзүмдөрдө шарт түзүлгөн эмес. Кемчилигине, өзгөчөлүгүнө карабай аларды башкалар менен бирдей деңгээлде кабыл алууга үйрөнүшүбүз керек. Ошондо гана жыйынтык болот”.

Жөлөкпул жана айлык көйгөйү

Чүй облусунун тургуну Бурул буга чейин отуз жылдан ашуун шал оорусуна кабылган уулун багып келсе, эми төрт жаштагы оорукчан небересин карайт.

Акыл-эси жакшы өрчүбөй, өз алдынча басып-тура албаган балдарын бооруна кыскан эне мамлекет берген акча адамды толук камсыздоого жетпей турганын айтты.

"Шал оорусу айыкпайт. Айыкса, 33кө чыкканча балам айыгып кетмек. Майыптык категориясын көп жылдан кийин алдык. Баспаган бала менен ары-бери сүйрөлүп жүрүп, араң жеттик. Мамлекет ушул түйшүктү жеңилдетип берсе болмок. Айына төрт миң сом алабыз, ал эки дары алганга да жетпейт".

Өкмөттүн чечими менен 2019-жылдан тарта майып балдарды карагандарга айына 4900 сом өлчөмүндө айлык төлөнө баштаган. Долбоорду ишке ашырууга мамлекеттик бюджеттен бир жылга 420 миллион сомдун тегерегинде акча каралган.

"Эже-сиңдилер" берүүсүндө майыптыгы бар баланы баккан энелердин түйшүгү тууралуу кеп кылабыз.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин башкы адиси Гүлзада Акунованын белгилешинче, майыптык категориясы адамдын саламаттыгын жана социалдык статусун тастыктоочу медициналык-социалдык экспертизалык комиссиянын бүтүмүнөн кийин гана берилет.

Дал ушул майыптык категориясын аныктаган медициналык-социалдык экспертиза комиссиясынын дарегине коомдо бир топ сын айтылып жүрөт. Эл арасында майыптык статусу боюнча жөлөкпул берүүдө аталган комиссияны коррупцияга айыптагандар да арбын. Майыптыгы бар балдардын ата-энелери бул комиссиянын талабы менен чүрпөсүн жыл сайын атайын текшерүүдөн өткөрүп турууга милдеттүү.

Майыптыгы бар балдар эмне үчүн көбөйүүдө?

Адистердин белгилешинче, соңку кезде балдар арасында тукум кууган оорулар көбөйгөн. Айрыкча психикалык жана нерв ооруларынан жабыркагандар басымдуу болууда.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин башкы адиси Гүлзада Акунова өз байкоосу менен бөлүштү.

"Шал оорусуна чалдыккан балдардын саны көбөйүүдө. Атасы же энеси ВИЧ/СПИД менен ооругандардын балдары да ошондой диагноз менен төрөлөт. Майыптык категориясын кийин алгандарга караганда ар кандай патология менен төрөлгөндөр басымдуу. Мындай балдар көбүнесе Ош менен Бишкекте, алыскы аймактардагы айыл жергесинде катталып жатат".

Бишкектеги "АРДИ" уюмунун жетекчиси Тамара Жумабекова карындагы түйүлдүктүн өрчүп, коомдо дени сак, акыл-эстүү балдардын төрөлүп-өсүшүнө таасир эткен бир нече факторлорду санап берди.

"Балдар аутизми, Даун синдрому, церебралдык паралич, психикалык жана нерв оорулары менен төрөлүп жатат. Мунун баары социалдык-экономикалык абалга да байланыштуу. Аялдар тамак-аштан өксүп, витаминдер жетишпегени үчүн анемия болуп, кан басымы көтөрүлүп, ушул сыяктуу ооруларга кабылууда. Муну баары түйүлдүктүн калыптанып, өсүшүнө таасир этет. Маал-маалы менен медициналык анализ тапшырып, дарыланууга бардык эле үй-бүлөлөрдүн шарты жок".

Жыйырма жылдан ашуун майып балдардын ата-энелери менен иштеген Жумабекова келечек муундун саламаттыгы коомдук аң-сезим менен үй-бүлө курууга мамилеге түздөн түз көз каранды экенине токтолду.

"Үй-бүлөнү, төрөттү пландоо кыз-жигиттин мамилесинен башталышы керек. Ошол кезден эле экөө канынын резус-факторун, саламаттыгын текшерип, балалуу болууга кам көрүшү керек. Ал үчүн жаштар билим алып, иш менен камсыз болушу абзел. Майыптыгы жок, акыл-эстүү, дени сак балалуу болобуз деген адамдар алдын ала камданып, фундамент тургузушу керек. Көп учурда оору тукум кууйт. Ден соолугун жана шартын карабай баш баланы тең оорукчан төрөгөн энелер да бар".

Жумабекова социалдык-экономикалык кырдаалдан тышкары айлана чөйрөнүн булганышы да эне менен баланын саламаттыгына терс таасирин тийгизиши мүмкүн экенине токтолду.

Расмий статистикага ылайык, Кыргызстанда 200 миңден ашуун майып адам жашайт.

2020-жылдын аягына карата 18 жашка чейинки 32 миңден ашуун баланын майыптыгы бар экени белгилүү болгон, бул жалпы майыптыгы бар адамдардын 16,5% түзөт. Жыл сайын 4 миңге жакын бала биринчи жолу майыптык статусун алат.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

  • 16x9 Image

    Маратбек Акимбек уулу

    Маратбек Акимбек уулу "Азаттыктын" Оштогу кабарчысы. ОшМУнун кыргыз филология жана журналистика бөлүмүн аяктаган. Президенттин алдындагы башкаруу академиясынын магистранты. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG