Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:05

COVID-19: Ош шаарында кошумча стационар ачылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаарында 8-июндан Алишер Навои атындагы мектептин спорт залында коронавируска кабылгандарды тейлеген күндүзгү стационар иштей баштады. Бул тууралуу "Азаттыкка" мэриядан билдиришти.

Стационарда 30 кишилик орун даярдалган.

"Күндүзгү стационарлар ачыла баштады. Ошто коронавируска байланыштуу абал оорлошуп баратат. Шаардагы жугуштуу оорулар ооруканасында бүгүнкү күнгө карата 142 адам дарыланып жатат. Алардын ичинен сегизи өтө оор, 94ү оор, калганы орто абалда. Бир киши бүгүн каза болуп калды",-деди Ош шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров.

Шаарда коронавирус боюнча мобилдик бригадалардын саны да көбөйтүлөт. Буга чейин үч топ иштеп келсе, мындан ары дагы үчөө кошулат.

Кыргызстанда соңку бир суткада COVID-19 илдетинен жети киши каза болду. 379 адамдан жаңы аныкталды. (DU)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG