Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:17

Байден Зеленскийди Вашингтонго чакырды


АКШ президенти Жо Байден дүйшөмбүдө украин мамлекет башчысы Владимир Зеленский менен телефондон сүйлөштү. Бул тууралуу Ак Үйдүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жэйк Салливан билдирди. Маалыматка караганда, Байден Зеленскийди быйыл жайында Вашингтонго келип кетүүгө чакырды жана Украинанын суверенитетин колдооруна дагы бир жолу ишендирди.

"Reuters" агенттиги украин президентинин кеңешчисине шилтеме менен билдиргендей, лидерлер АКШ жана Орусия президенттеринин жолугушуусу алдында өз позицияларын координациялашты. Саммит 16-июнда Женевада өтмөкчү.

Буга чейин Зеленский Байден менен Владимир Путинге чейин кездешүүнү кааларын айткан. Украин лидери менен интервьюну "Axios" порталы чыгарды.

Зеленский Вашингтон администрациясынын “Түндүк агым-2” газ кууруна каршы санкция салбоо чечими аны иренжиткенин билдирди. Ал курулушту токтотуу керектигине көндүрүү үчүн Байден менен каалаган учурда жана каалаган жерде жолугушууга даярдыгын кошумчалады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG