Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 23:21

Үч чоң шаарда кайра шайлоо өтөт


Бишкектеги шайлоо. 11-апрель, 2021-жыл.

Кыргызстандагы эң ири Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында кайра шайлоо өткөнү калды. Мыйзам бузууларга байланыштуу арыз-дооматтардан улам Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) бул шаарлардагы добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарган.

БШК 19-майдагы жыйынында аймактык шайлоо комиссиясынын Бишкек шаардык кеңешине шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу тууралуу чечимин колдоду.

11-апрелде добуш берүүнүн баштапкы жыйынтыгы жарыяланган күнү кечинде эле бир катар партиялар БШКнын алдында нааразылык акциясына чыгып, кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылган. Алар айрым партияларды административдик ресурс колдонууга, добуш сатып алууга айыпташкан.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов 19-майда БШКнын жыйынында добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууга негиз болгон жагдайларды санап берди.

Кайрат Маматов.
Кайрат Маматов.

“Добуш берүү күнүнө чейин эле “Эмгек” партиясына каршы 12 арыз, мыйзам бузуу боюнча 23 маалымат түшкөн. Колдонуудагы мыйзамдарга ылайык, “Эмгек” партиясына берилген добуштарды жараксыз деп таптык. Андан тышкары ушундай чечим “Ак бата” партиясы боюнча да кабыл алынды. Буга чейин Кыргызстан элдик демократиялык партиясы шайлоодон четтетилип, бул чечимди Боршайком жана Жогорку сот колдогон. Жыйынтыгында 30 шайлоо тилкесиндеги добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылган. Андагы добуштардын саны 60 миңди түзүп, жалпы добуш бергендердин саны 45% жетти”.

Бишкекте соңку шайлоодо 228 добушкана ачылган. Борбордогу шайлоочулардын саны 419 401 деп такталып, анын ичинен 134 058 киши добуш берген.

Мыйзамга ылайык, жергиликтүү кеңештин шайлоосунда жарандардын добуштарынын үчтөн бири жокко чыгарылса, кайра шайлоо өтүшү керек.

Президент Садыр Жапаров добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылгандан кийин 30 күндүн ичинде кайра шайлоо дайындашы керек. Датасы такталган соң БШК шайлоону 40 күндүн ичинде өткөрөт.

"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамга ылайык, добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууга негиз болгон талапкерлер кайра шайлоого катыша албайт. Бирок партияларга мындай чектөө жок.

БШКнын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов кайра шайлоого катыша албай турган адамдарга байланыштуу иш каралып жатканын айтты.

Абдыжапар Бекматов.
Абдыжапар Бекматов.

“Алар боюнча териштирүү жүрүп жатат. Укук коргоо органдарынын корутундулары келгенден кийин алар тууралуу маалыматтарды айтсак болот. Шайлоонун жүрүшүндө саясий партиялардын тизмесиндеги бир топ талапкерлердин каттоосун жокко чыгаруу боюнча аймактык шайлоо комиссиясы чечимдерди кабыл алган. Териштирүүнүн жүрүшүндө алардын мыйзам бузганы аныкталса, шайлоого катыша алышпайт. Биз БШКнын токтомуна шайлоонун жокко чыгарылышына себепчи болгон талапкерлер тууралуу корутунду кабыл алынсын деп коштук”.

Кыргызстанда соңку жергиликтүү кеңештерге шайлоону уюштурууга бюджеттен 425 миллион сом жумшалган. Анын 27 миллиону Бишкек, 9 миллиону Ош, 2 миллиону Токмок шаарларына кеткен. БШКнын баштапкы эсебине караганда, үч шаардагы кайра шайлоого 39-40 миллион сомго чукул каражат керек.

Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышкан “Реформа” партиясынын лидери Клара Сооронкулова борбордо шайлоонун жокко чыгарылышын колдоп, бул чечим күтүүсүз болгонун айтты.

Ошондой эле партиялар былтыр парламенттик шайлоодон кийинки окуядан сабак албаганын кошумчалап, добуш берүүнүн жокко чыгарылышына негиз болгон партиялардын тагдырына токтолду.

Клара Сооронкулова.
Клара Сооронкулова.

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзамды Кыргызстанда ыплас шайлоо өткөрүүгө ыңгайлаштырып коюшуптур. Пропорционалдык шайлоо системасында бардык жоопкерчиликти партия тартыш керек. Булар болсо партияларды жоопкерчиликтен бошотуп, талапкерди кайра шайлоого катыштырбайт. Партия күнөөлүү болуп жатса ага укуктук чара колдонулушу зарыл. Башкача айтканда, кайра шайлоого катыштырылбай, БШК Юстиция министрлигине партиянын ишмердиги тууралуу маселени коюш керек. Мыйзамды одоно бузуп, ал БШК, сот аныктаган партиялар жоюлушу керек”.

Милициянын маалыматына караганда, соңку Бишкек шаардык кеңешине шайлоодо жалпы электрондук маалымат каттоого мыйзам бузуулар тууралуу 124 маалымат түшкөн. Анын ичинен 35 материал Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Алардын ичинен 19у добуш сатып алууга тиешелүү.

БШКнын мурдагы мүчөсү Атыр Абдрахматова шайлоодогу мыйзам бузууга убагында чара көрбөгөн мамлекеттик мекемелердин жоопкерчилигин көтөрдү.

“Административдик ресурсту колдонуу, добуш сатып алуу боюнча мыйзам бузууларга убагында чара көрбөгөн укук коргоо органдары менен БШКнын жоопкерчилигин ким карайт? Күнөөнү шайлоочуларга, партияларга гана артып койгон болбойт. Анткени журналисттер, байкоочулар, биз шайлоодо мыйзам бузуу болуп жатканын айтып эле келдик да. БШКнын курамын жаңылабаса болбойт. Өткөн жылы парламенттик шайлоого бюджеттен 500 миллион сомго жакын каражат кеткен. Аны ким толтурат, ким жооп берет? Эми үч шаарга кайра шайлоого сарпталчу каражатты ким кайтарып берет?”.

БШК шайлоодогу мыйзам бузуулар үчүн 3-майда Токмок шаардык кеңешине, 11-майда Ош шаардык кеңешине өткөн шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган. Ошто шайлоого катышкан "Улуу Журт" партиясынын лидери Мирлан Орозбаев шайлоодо мыйзам бузууга жол берген кызматкерлерге чара көрүү өтүнүчү менен прокуратурага арыз жазды.

Жарандык активист Нурбек Муктар жокко чыгарылган шайлоо жыйынтыктарынын саясий өңүтүнө көңүл бурду.

“Жергиликтүү кеңешке ыплас, таза эмес өткөн шайлоону биринчи жолу көрүшүм. Бишкек менен Ошто таасир талаш күчөп, чоң капитал айлана баштаганынын белгиси. Экинчиден, Бишкекте бийликчил “Ата-Журт Кыргызстан” партиясы алдыңкы орунга чыкпай калганы үчүн шайлоо жокко чыгарылды деп ойлоп жатам”.

Бишкек шаардык кеңешине шайлоодо жети пайыздык босогодон “Эмгек”, “Ак бата”, КЭДП (Кыргызстан элдик демократиялык партиясы), “Ата-Журт Кыргызстан”, “Ынтымак”, “Биздин эл” партиялары өткөн. Шайлоого жалпысынан 25 партия катышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG