Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:31

Гаагадагы трибунал Младичтин апелляциялык арызын карайт


Ратко Младич
Ратко Младич

БУУнун Гаагадагы трибуналы Босния армиясынын мурдагы кол башчысы Ратко Младичтин апелляциялык арызын караганы жатат. “Босниянын касапчысы” деген атка конгон Младич 1992-95-жылдары Босния-Герцеговинадагы уруш маалындагы геноцид, адамзатка каршы кылмыштар жана согуш кылмыштары үчүн айыпталган жана 2017-жылы өмүр аягына чейин кесилген.

Ага коюлган айыптардын арасында Сребреница шаарчасындагы сегиз миңдей мусулман эркекти, өспүрүм балдарды өлтүрүү операциясы да бар.

78 жаштагы Младич күнөөсүз экенин айтып, Батышты, судьяларды "калп айтат" деп айыптаган.

Апелляциялык арызды кароо бир нече жолу Младичтин саламаттыгына, кийин пандемияга байланыштуу жылдырылган.

Босниянын мурдагы саясий жетекчиси, геноцидге айыпталып өмүрүнүн аягына чейин кесилген Радован Каражич жазасын өтөп жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG