Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 23:28

Шайкеш келбеген мыйзамдар шайлоону кечеңдетти


Жогорку Кеңеш.

Жогорку Кеңешке шайлоонун күнү дагы деле белгисиз болууда. Саясий чөйрөдө быйыл октябрь айында өтөт деп айтылганы менен датасы расмий бекитиле элек. Президенттин администрациясы муну жаңы шайлоо мыйзамдарын кабыл алуу зарылдыгы менен байланыштырды.

Шаштыны кетирген шайлоо мыйзамдары

Легитимдүүлүгү талаш жараткан Жогорку Кеңештин VI чакырылышы кайрадан талкуунун чордонуна чыкты. Буга парламенттик шайлоонун датасына байланыштуу маселе себеп болду.

Былтыр 22-октябрда Жогорку Кеңеш мөөнөтүн узартуу жана жаңы Конституция кабыл алынмайынча парламентке кайра шайлоо өткөрбөй туруу жөнүндөгү мыйзам долбоорун кабыл алган.

Документте парламент депутаттарын кайра шайлоо же жаңы шайлоо 2021-жылдын 1-июнунан кечиктирбестен жарыяланары белгиленген. Бирок ушул күнгө чейин шайлоо дайындала элек.

Парламенттеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаттары Ныязбек Арзыбаев менен Осмон Турдумамбетов шайлоо 1-июнга чейин дайындалышы зарыл деген беренени жокко чыгаруу тууралуу долбоорду сунуштады.

Фракциянын лидери Бакыт Төрөбаев шайлоо боюнча өзгөртүүгө муктаж болгон башка да мыйзамдарга токтолду.

Бакыт Төрөбаев.
Бакыт Төрөбаев.

“Кабыл алынган жаңы Конституцияга ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) өзгөчө статуска ээ. Ушундан улам биз “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” конституциялык мыйзам долбоорун сунуштадык. Анткени, эми мындан аркы бардык шайлоолор, БШК чыгарган чечимдер легитимсиз болуп калышы мүмкүн. Бул мыйзамды да кабыл алышыбыз керек. Депутаттардын саны, аларды шайлоо жолу тууралуу да көп маселе бар”.

Президенттин администрациясы мөөнөтү дайындалбай калган шайлоо боюнча түшүндүрмө берип, 5-майда кол коюлган жаңы Конституцияда парламентти түзүү тартиби өзгөргөнүн эскертти. Жаңы Баш мыйзамда депутаттардын саны 120дан, 90го азайды.

Мамлекет башчы түзгөн жумушчу топ алардын 55ин партиялык тизме, калган 35ин бир мандаттуу округдан шайлоо сунушун берди. 29-майда президенттин сайтына коомдук талкууга коюлган долбоор жакында парламенттин кароосуна киргизилери белгилүү болду. Администрациянын маалыматына караганда, мыйзамдар Конституцияга шайкеш келмейинче шайлоо дайындалбайт.

Бакыт Төрөбаев жаңы Конституция башта пландалгандай 10-январда рефрендумга коюлуп эрте кабыл алынса, парламентке кайра шайлоо 1-июнга чейин дайындалмак деп эсептейт. Бирок референдум 11-апрелде өткөндүктөн бийлик жетишпей калганын айтууда.

Бийликке ыңгайлуу парламент

“Ата Мекен” партиясынын лидери, экс-депутат Өмүрбек Текебаев Жогорку Кеңештин мөөнөтүн узартуу жөнүндө былтыр кабыл алынган мыйзамдын авторлорунун бири. Ал документ октябрь окуяларынан кийинки саясий кризистен чыгуу жана бийликте боштук болуп калбашы үчүн жазылганын билдирди.

Мурдагы депутат мыйзам өз вазыйпасын аткарганын айтып, бирок бийлик парламенттик жаңы шайлоону кечиктирип, элге берген убадасынан тайды дейт.

Өмүрбек Текебаев.
Өмүрбек Текебаев.

Мен жаңы шайлоонун убагында дайындалбай калышынын эки себебин көрүп жатам. Биринчиси - саясий тажрыйбанын жоктугу. Бул чындыкка жакыныраак. Негизи Конституциянын долбоору менен кошо шайлоо кодексине да өзгөртүүлөр даярдалып, референдумдан кийин эле жаңы өзгөртүүлөр кабыл алынышы керек эле. Ошондо шайлоону 1-июнга чейин дайындоого мыйзамдык база даяр болмок. Тилекке каршы, шайлоо кодексине ушул күнгө чейин өзгөртүүлөр киргизиле элек. Экинчиси - парламенттин мөөнөтүн узартууга кызыкдар тараптардын аракети катары бааласа болот. Бирок бул варианттын ыктымалдуулугу азыраак”.

Жогорку Кеңеш былтыр октябрь окуяларынын шары менен мөөнөтүн узартып алганы Кыргызстанда айрым юристтердин, жарандык коом менен кээ бир саясатчылардын катуу сынына кабылган. Парламенттин андан бери кабыл алган мыйзамдары менен чечимдерин тааныбагандар бар.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исхак Масалиев парламенттик шайлоонун күнү такталбай, VI чакырылыштын өмүрү узарып жатышын мындайча боолголоду.

“Азыркы парламенттин иши мыйзамсыз экени дагы бир жолу далилденип жатат. Кетип жаткан парламент Конституцияга, конституциялык мыйзамдарга, чоң-чоң мыйзамдарга өзгөртүү киргизе албайт. Бирок бийликке ушул Жогорку Кеңеш керек болуп турат. Булар бийлик каалаган мыйзамдарды кабыл алып, өзгөртө берет. Себеби, парламент мөөнөтүн узартуу үчүн эмне гана кылбайт? 11-апрелде жаңы Конституция кабыл алынгандан кийин бул чакырылыш май айында шайлоо мыйзамдарын гана өзгөртүп, шайлоого кетиш керек болчу. Ал эми калган мыйзамдарды Баш мыйзамга дал келтирүүнү кийинки чакырылыш колго алса туура болмок”.



Талаштуу парламент жана жоопкерчилик

Парламенттик шайлоонун датасына байланыштуу маселе 3-июнда Жогорку Кеңеште "Түндүк-түштүк" альтернативдүү жолун иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүү демилгеси талкууланып жатканда козголду.

Айрым депутаттар парламенттин мөөнөтү бүтүп бараткандыктан комиссия түзүүнүн зарылдыгы жок экенин айтып чыгышты. Жыйынтыгында альтернативдүү жолдун курулушун иликтеген комиссия түзүлдү.

Талкууда айрым депутаттар тамаша-чыны аралаш парламенттин мөөнөтү дагы бир жылга узартылышы мүмкүн экенин айтышты.

Таттыбүбү Эргешбаева.
Таттыбүбү Эргешбаева.

“Жогорку Кеңеш азыр кабыл алган чечимдердин баары кийин жокко чыгарылып калышы мүмкүн. Кыргызстанда саясий абал өзгөрсө, депутаттарга каршы иштер да тергелиши ыктымал. Себеби, булар мыйзамсыз иштеп жатат”, - деди юрист Таттыбүбү Эргешбаева.

Депутат Бакыт Төрөбаевдин маалыматына караганда, жаңы Конституцияга мыйзамдарды ылайык келтирүү үчүн парламентке чоң-чоң 17 мыйзамдын пакети кириши керек. Ошондуктан ал жайкы эс алууга кетпей иштөөнү сунуштады.

“Кыргызстан демократиялык кыймылы партиясынын” лидери Азият Жекшеев өлкөнүн тагдырын чечүүчү мыйзамдарды талаштуу парламентке тапшырууну туура көрбөйт.

“Парламенттин VI чакырылышы акыркы жылдары өлкөдө эң чоң коррупциялык иштерди, элге каршы багытталган мыйзамдарды колдоп келди. Алар мөөнөтүн мыйзамсыз узартып алганына Садыр Жапаров жана анан командасынын да тиешеси бар. Бул парламенттин кыңыр иштерге барарын билип алып аларды пайдаланып алуу аракетин көрүп атат”.

Жогорку Кеңештин VI чакырылышы 2015-жылы шайланган. Бул парламент үч президент, алты өкмөт башчы менен иштешип, Конституциянын эки жолу өзгөртүлүшүнө активдүү катышты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG