Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 01:25

Интернетти тескеген долбоор кайра талкууда


Бишкек. 29-июнь, 2020-жыл. Нааразылык акциясына чыккандар "Маалыматты манипуляциялоо" мыйзамына вето коюуну президенттен талап кылышкан.

Жарандык коомдун сынына кабылган "Маалыматты манипуляциялоо" жөнүндөгү мыйзам долбооруна Маданият, маалымат жана спорт министрлиги каршы чыкты. Министрлик буга интернеттеги маалыматтарды талдоого техникалык мүмкүнчүлүк чектелүү деген жүйө келтирүүдө.

Интернеттеги маалыматтарды тескөөгө багытталган мыйзам долбоорунунда аткаруучу орган болгон Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги мыйзамды ишке ашырууга мүмкүнчүлүгү жок экенин билдирип чыкты.

Жогорку Кеңештин 2-июндагы отурумунда министрдин орун басары Ильязбек Балташев мыйзам кабыл алынса, аны иштетүү үчүн мекемеде "материалдык база жана адистер жок" деп кесе айтты.

Илязбек Балташев
Илязбек Балташев

"Мыйзамды жүзөгө ашыруу үчүн жогорку деңгээлдеги кесипкөй, ар кандай багыттагы адистерди тартуу керек. Бүгүнкү күндө мыйзам долбоорун жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон материалдык, техникалык жабдуулар жана кесипкөй кызматкерлер жок. Аларды тартуу үчүн кошумча финансылык каражаттар каралган эмес. Мындай жүйөлөрдүн негизинде аталган сунуштарды эске алуу менен жогорудагы мыйзамды кабыл алуу мүмкүн эмес экенин билдиребиз".

Ошондой эле Балташев министрликтин каршылыгына “Баш мыйзамда каралган адам укуктарын чектөөгө алып келет” деген жарандык коомдун пикири дагы эске алынганын кошумчалады.

Министрдин орун басарын улай депутат Дастан Бекешев мыйзам долбоору убагында мурунку бийликтин саясий кызыкчылыктары менен сунушталганын айтып, демилгечи кесиптештерине аны артка чакыртып алууну сунуш кылды.

“Гүлшат Кадыровна, мыйзам долбоорунун автору катары кайрылам. Балким, мыйзам долбоорунан баш тартасыз. Октябрь окуялары болду, жаңы Конституциянын 10-беренесинде цензурага тыюу салынган. Биз түшүнөбүз да, бул мыйзам долбоору Жээнбеков, Матраимовдун кызыкчылыгын коргоого, активисттерге каршы багытталган. Жумушчу топ түзбөй эле, мыйзам долбоорунан баш тарталы”.

Демилгечилердин бири, депутат Гүлшат Асылбаева Бекешевди мыйзам долбоорун саясатташтырбоого чакырды.

Гүлшат Асылбаева
Гүлшат Асылбаева

“Дастан Далабаевич, бул маселени саясатташтырып, бир нерсеге жабыштырбаңыз. Ал сиздин жеке пикириңиз. Регламент боюнча кетебиз. Түзүлгөн жумушчу топ мыйзам долбоорунун келечегин чечет. Балким, сунуштар болуп, комиссия чечим чыгарат. Мен ошого жараша макул болом”.

Ошентип, “Маалыматты манипуляциялоо” мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыга турган топ түзүү жөнүндөгү токтом долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Бекешев бул топко кирүү ниетин айтып, мыйзам долбоорун редакциялап, интернеттеги “буллинг” сыяктуу көрүнүштөргө каршы күрөшүү үчүн кайра иштеп чыкса болорун белгиледи.

Социалдык тармактардагы маалыматтарды тескөөгө байланышкан демилгелер мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунан бери көтөрүлүп, бирок каршылыктан улам ишке ашпай келет.

Сооронбай Жээнбековдун мезгилинде мыйзам даяр болуп, президенттин кол коюшуна чейин жеткен. Эми жаңы бийликтин учурунда тийиштүү министрлик мыйзамга ачык каршы чыгып отурат.

Долбоордун коомдук талкууларына катышып, каршы пикирин билдирип келген журналист Болот Темиров министрликтин акыркы позициясын кубаттап жатат. Журналисттин пикиринде, аткаруу механизмдерин эске албай туруп мыйзамды өткөрүү аракети, демилгечилердин сөз эркиндигине басым жасоо максатын айгинелейт.

"Орусияда Роскомнадзордо миңдеген киши иштейт. Алар интернетти көзөмөлдөп турат. Бизде азыр министрлик туура айтып жатат, алар ишти аткара албайт. Болгону, беш-алты киши бар. Мыйзамды алып чыкканда, аткаруу механизмин карабай эле өткөрүүгө аракет кылышкан", - деди Темиров.

Жарандык активист Шайырбек Маматокторов "фейк" же каралоо сыяктуу көрүнүштөр менен күрөшүү үчүн ириде элдин медиа сабаттуулугун көтөрүү керек экенин айтууда. Ал интернеттеги маалыматтын жоопкерчилиги боюнча басма сөз мыйзамдарына гана толуктоо киргизүү керек деген ойдо.

Шайырбек Маматокторов.
Шайырбек Маматокторов.

“Интернет ошол эле мурдагы теле-радионун жаңы түрү. Ошондуктан, басма сөз эркиндиги жөнүндө мыйзамда гана жоопкерчилик беренелерин киргизүү керек. Өзүнчө аны мыйзам катары кабыл алып, социалдык барактарды көзөмөлдөөгө аракет кылууну орто кылымдагы ыкма деп түшүнөм. Айтарым, Орусиянын мыйзамдарын көчүргөндү токтоткулачы!”, - деди жарандык активист.

Эске сала кетсек, 2020-жылы май айында Жогорку Кеңештин депутаттары Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмонова «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыгып, кийин парламент аны кабыл алып берген. Демилгечилер “фейктер, жалган маалыматтар адамдын аброюна шек келтирип, укуктарын бузуп жатат, буга каршы мыйзам керек” деп негиздеп келишет.

Ошол учурда мыйзам долбоору катуу каршылыкка туш болуп, социалдык тармактардын колдонуучулары, жарандык коом, бир катар саясатчылар бул мыйзам "сөз эркиндигине каршы багытталат" деп кескин сындашкан. Бишкекте бир нече нааразылык акциялары өткөн.

Ушул сыяктуу сын-пикирлерден кийин ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков "мыйзамды ишке ашыруу куралдары жетишсиз" деген себеп менен долбоорго кол койбой, парламентке кайтарган.

Документте интернет колдонуучулардан баштап сайттын кожоюндарынын, интернет-провайдерлердин укук-милдеттери жазылган. Мыйзам бузулган учурда сайттарды ыйгарым укуктуу органдар сотко чейин эле чектей алары белгиленген.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG