Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 00:56

Москвада жүздөгөн активисттер "Интернеттеги эркиндик үчүн" деп аталган жүрүшкө чыгып, онлайн купуялуулукту чектеген мыйзамга нааразылык билдиришти. Ал мыйзамга ылайык, Орусияда жарандар өзү тууралуу ачык маалымат бербесе, кыска билдирүүлөрдү алмашуу кызматтарын колдоно алышпайт.

"Эркин интернет - эркин мамлекет" деп ураан чакырган 800дөй киши жекшембиде Москванын Страстной бульварынан Академик Сахаров көчөсүнө чейин жүрүш жасашты. Алар интернеттеги цензураны токтотууну, социалдык тармактардагы билдирүүлөрү үчүн жоопко тартылгандарды актоону жана Орусиянын байланыш тармагын тескеген "Роскомнадзордун" жетекчиси Александр Жаровдун кызматтан кетишин талап кылышты.

Демонстранттардын арасында "Интернетти чектегиче парламент тарап кетсин", "Путинсиз жана цензурасыз Орусия" деген плакаттарды көтөргөндөрү да болду. Студент Никита Мартинов эмне үчүн акцияга катышууну чечкенин түшүндүрүп берди.

"Мен сөз эркиндигин, интернет эркиндигин колдоо үчүн бул жерге келдим. Алар биздин эркиндиктин башкы принциптери. Ар бир адам эркиндиктин бардык түрүн коргоп чыгышы керек. Биздин өлкөдө интернет кайсы бир деңгээлде эркин ой-пикир билдирүүгө мүмкүнчүлүк берген жер болчу. Эми ушул эркиндик да чектелип жатат. Мен ошого каршымын".

"Эркин интернет үчүн" жүрүшүнө Орусиядагы оппозициячыл партиялардын тарапкерлери да катышты.
"Эркин интернет үчүн" жүрүшүнө Орусиядагы оппозициячыл партиялардын тарапкерлери да катышты.

Орусияда соңку бир канча жылда интернетте көзөмөлдү күчөткөн мыйзамдар кабыл алынган. Алардын соңкусун Мамлекеттик Дума 21-июлда акыркы окууда кабыл алды. "Маалымат, маалымат технологиялары жана маалыматты коргоо жөнүндө" мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, орус жарандары кыска билдирүүлөрдү алмашуучу системаларды же мессенджерлерди мурдагыдай купуялуу түрдө колдоно албайт. Ал үчүн өз телефон номурун жана тек-жайын ачык көрсөтүшү керек. Мындан тышкары бул мыйзам менен бийлик же сот мессенджерлерге бөгөт коё алат.

Дагы бир өзгөрүүгө ылайык, Орусияда тыюу салынган сайттарды ачып берген анонимайзерлерди же VPN сайттарды колдонууга да болбойт. Ички иштер министрлиги менен Федералдык коопсуздук кызматы мындай сайттарды аныктап чыгат.

Орусиядагы "Санариптик укуктарды коргоо борборунун" башчысы Саркис Дарбинян жергиликтүү телеканалга курган маегинде бул мыйзам долбоорун интернетти чектөөнүн аспабы деп мүнөздөдү:

"Бул мыйзам долбоорун онлайн купуялуулукка багытталган кезектеги чабуул деп караса болот. Бийлик үчүн купуялуулук жоопкерчиликсиздикке тете экени жашыруун эмес. Мындан улам интернеттеги купуялыкты толугу менен жок кылгысы келишет. Ар бир жарандын тек-жайы тартип коргоо органдарына белгилүү болот. Ошондой эле бул мыйзам интернеттеги маалыматты цензурага алуунун жаңы аспабы".

Соңку мыйзам долбоору парламенттин жогорку палатасынын кароосунан өткөндөн кийин президент Владимир Путинге кол коюуга жөнөтүлөт. Эгер президент кол койсо, мессенджерлерди чектеген документ 2018-жылдын 1-январында, ал эми анонимайзерлерге тыюу салган өзгөрүү 2017-жылдын 1-ноябрында күчүнө кирет. Демилгечилердин бири, "Бирдиктүү Орусия" партиясынын депутаты Максим Кудрявцев активисттердин сынын четке кагып, бул мыйзам тескерисинче жарандарды коргой турганын парламенттин жыйынында айтты:

"Бул телекоммуникациялык кызматтар байланыштын башка түрлөрүнүн ордун басты. Бара-бара биздин жашообузга кирип, көпчүлүк орусиялыктар бул кызматты колдоно башташты. Бирок бул кызматтар тескелбей жатат. Мындай жагдай экстремисттик мүнөздөгү маалыматтардын жайылышына, туура эмес жарнамалардын таралышына, интернеттеги маңзат соодасына жана башка көз боёмочулук аракеттерге жол ачат. Биздин оюбузча, бул мыйзам долбоор маанилүү өзгөрүүлөрдү киргизет. Мессенджерлерге тек-жайы белгисиз колдонуучулар менен иштөөгө тыюу салат. Өзгөчө кырдаал учурунда өкмөттүн билдирүүлөрүн калкка жеткирүүгө жардам берет. Мыйзамсыз мазмундун жайылышына бөгөт коет. Мыйзам долбоору жарандардын билдирүүлөрүн окуп турууну максат кылбайт. Ал жарандарды кооптуу, экстремисттик маанайдагы маалыматтардан коргойт".

Блогер Руслан Соколовский Орусияда экстремисттердин тизмесине да киргизилген.
Блогер Руслан Соколовский Орусияда экстремисттердин тизмесине да киргизилген.

18-июлда "Хьюман Райтс Уотч" эл аралык укук коргоо уюму "Орусиядагы ой-пикир билдирүү эркиндигине чабуул" аталышындагы жаңы баяндамасын жарыялап, өлкөдө интернет эркиндиги чектелип жатканын билдирген. Баяндамада 2012-жылдан тарта Орусияда ондогон адамдар социалдык тармактардагы билдирүүлөрү, видео, макала жана маектери үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылганы, жүздөгөн сайттар экстремизмге каршы күрөштүн алкагында жабылганы белгиленген.

Маселен орусиялык блогер Руслан Соколовский чиркөөдө Pokemon Go оюнун ойноп жатканы көрсөтүлгөн видеону интернетке жарыялаганы үчүн жакында 3,5 жылга шарттуу соттолгон. Мындан тышкары Орусиянын Украинадагы жана Сириядагы саясатын сындаган катардагы тургундар, блогерлер да жоопко тартылышкан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG