Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июль, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 13:56

Шайлоо: президентке сунушталган эки долбоор


Автоматтык эсептөөчү үкөк. Кыргызстан. 2021-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Быйыл күздө өтө турган парламенттик шайлоонун эрежеси толук аныктала элек. Шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү боюнча иштеп жаткан жумушчу топ эки: пропорционалдык жана аралаш шайлоо системасынын долбоорун президентке сунуштоодо.

Пропорционалдык жана аралаш система

Шайлоо жана референдум мыйзамдарын өзгөртүү боюнча мекемелер аралык жумушчу топ шайлоо системасынын эки түрдүү долбоорун иштеп чыкты.

Бул тууралуу жумушчу топтун мүчөсү, БШКнын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов "Азаттыкка" билдирди.

Абдыжапар Бекматов.
Абдыжапар Бекматов.

"Учурда жыйынтыктоочу документ даярдалып жатат. Анда пропорционалдык -преференциалдык система жана аралаш шайлоо системасы боюнча эки долбоор сунушталып жатат. Пропорционалдык-преференциалдык шайлоо системасында шайлоочулар партиялык тизмедеги белгилүү бир талапкерге добуш бере алат. Ал эми аралаш шайлоо системасында жаңы Баш мыйзамда көрсөтүлгөн 90 депутаттын 35и бир мандаттуу система менен аймактардан шайланып келсе, 55и партиялык тизме менен шайланып келет".

“Президенттин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзам долбоорун жазып жаткан жумушчу-эксперттик топ шайлоо мыйзамдарын Конституциянын жаңы редакциясына ылайыкташтыруу үстүндө иштеп жатат. Ага ылайык Жогорку Кеңештин депутаттарынын саны 90го чейин азайтылган.

Маалым болгондой, жаңы сунушталып жаткан долбоордогу аралаш системада партиялык жана мажоритардык шайлоо системалары камтылган.

Мажоритардык же бир мандаттуу система менен өзүн көрсөтүп чыккан адам талапкер болуп катталуу үчүн миңден кем эмес шайлоочунун колун чогултууга тийиш.

Ал эми преференциалдык шайлоо бул – партияны жана партиянын тизмесиндеги талапкерди тандоо системасы.

Пропорционалдык-преференциалдык шайлоо жана аралаш шайлоо системасында экөөндө тең саясий партиялар аялдарга берилүүчү 15% квотаны сактоого тийиш. Мындан тышкары саясий партиялар парламентке өтүү үчүн 3% босогодон өтүшү керек.

Партияны жана андагы конкреттүү талапкерди тандоо

Парламенттик шайлоодо преференциалдык системаны же талапкерлердин ачык тизмесин киргизүү эки жыл мурда да сунушталып, бирок колдоо тапкан эмес.

Демилгечи депутаттар шайлоонун бул системасы тууралуу мыйзам долбоорун быйыл да сунуштады. 31-мартта Жогорку Кеңеште биринчи окуудан өткөн. Аны сессияда катталган 97 депутаттын баары колдогон.

Мыйзам авторлорунун бири, КСДП фракциясынын мүчөсү Абдывахап Нурбаев долбоор кийинки окууларда кароого кирбей калган себебин төмөнкүчө түшүндүрдү.

Абдывахап Нурбаев.
Абдывахап Нурбаев.

"Парламентти артыкчылыктуу (преференциалдык) добуш берүү ыкмасында шайлоодо шайлоочулар партияга жана анын ичиндеги талапкерге добуш бере алат. Ушул жагынан артыкчылыктуу. Биринчи окуудан өткөн соң, бизге "Конституция кабыл алынгандан кийин, президенттик аппарат менен чогуу бир мыйзам кылалы" деп, токтотуп коюшкан. Бирок бизге кайрылышкан жок. Эми азыр президентке эки долбоор сунушталганы, анын бири - биздин преференциалдык шайлоо системасы боюнча добуш берүү болгону айтылып жатат".

Абдывахап Нурбаев Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тууралуу мыйзам чыкмайынча, шайлоону белгилөөгө мүмкүн эместигин кошумчалады.

Талапкер кезинде баары жакшы...

Пропорционалдык шайлоо системасы же партиялык система дүйнөлүк саясатта 19-кылымда, саясий партиялар пайда боло баштагандан тартып киргизилген. Кыргызстанда партиялык система менен добуш берүү 2000-жылкы шайлоодо колдонулган. Ал жылы шайлоого 12 саясий партия катышып, анын сегизи парламенттен орун алган. Эң көп орунду Кыргызстандын демократиялык күчтөрү партиясы алган.

2005-жылы партиялык тизме менен шайлоо системасы жоюлуп, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо толук мажоритардык системага кайткан. Натыйжада шайлоо жыйынтыгына нааразылыктар жер-жерлерде тутанып, президент Аскар Акаевдин бийликтен кетүүсүн шарттаган.

2007-жылы президент Курманбек Бакиевдин тушунда парламентке кайра шайлоо пропорционалдык, тагыраагы партиялык система менен өткөн. Анда бийликчил "Ак жол" партиясы эң көп - 71 орунду, КСДП 11, ал эми Коммунисттик партия 8 орун алган.

2010, 2015-жылкы парламенттик шайлоолор толук партиялык система менен өткөн. 2020-жылы партиялык система менен өткөн шайлоонун жыйынтыгы 5-октябрдагы элдик толкундоолордун натыйжасында жокко чыгарылган.

Октябрь окуяларынан кийин “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизилип, шайлоо босогосу 7 пайыздан 3 пайызга төмөндөтүлгөн. Мыйзамга кирген өзгөртүүлөргө ылайык, өлкөнүн аймагында №2 форма менен добуш берүү жокко чыгарылып, күрөө 5 миллион сомдон 1 миллион сомго түшкөн.

Жогорку Кеңештин депутаты, КСДП фракциясынын мүчөсү Дастан Бекешов сунуш кылынган шайлоо системаларынын ичинен партиялык система эң демократиялуу деп сыпаттады:

Дастан Бекешов.
Дастан Бекешов.

"Европада партиялык шайлоо системасы иштеп келе жатканына эки кылымдан ашты. Бул система менен акчалуулар гана эмес, аялдар, улуттук азчылыктардын, аялуу катмардын өкүлдөрү, жаштар парламент депутаты болууга укук алат. Учурда бул системаны танып жатышканын мен түшүнбөйм. Мажоритардык система менен келген депутат бир эле аймактын кызыкчылыгын көздөсө, партиялык система менен шайлангандар жалпы мамлекеттин кызыкчылыгын көздөйт. Шайлоодо талапкерлердин эмес, идеялардын күрөшү болушу керек".

Шайлоо жана референдум мыйзамдарын өзгөртүү боюнча мекемелер аралык жумушчу топ жакынкы күндөрү шайлоо системасынын эки түрдүү долбоорун президенттин кароосуна жибермекчи. Мамлекет башчы бул эки долбоордун ичинен бирин тандап, аны Жогорку Кеңешке сунуштайт.

Мамлекет башчы Садыр Жапаровдун буйругу менен март айында “Президенттин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзам долбоорун жазуу үчүн жумушчу-эксперттик топ түзүлгөн. 5-майда жаңы Конституцияга кол коюп жатып, президент аталган топту ишин тездетүүгө чакырган.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG