Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:22

Бокоев: Жаңы акимдер шайлоодо бийликке иштебейт деген кепилдик жок


Кенжебек Бокоев, Жогорку Кеңештин депутаты.
Кенжебек Бокоев, Жогорку Кеңештин депутаты.

Кыргызстандагы 40 райондун 37 районуна жаңы акимдер дайындалды жана ротацияланды. Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев жаңы бийликтин бул аракети кадрлардын резервин даярдоого жардам берет, бирок өлкөнү натыйжалуу башкарууга пайдасы тийбейт деп эсептейт.

- Кенжебек мырза, президент Садыр Жапаровдун бийлигинин учурунда акимдерди ротациялоо саясаты ишке ашты. Бул жараянды кандай баалап жатасыз?

- Реформа кылам деген бийлик ишти административдик-аймактык реформадан башташы керек эле. Мухаммедкалый Абылгазиевдин (мурдагы премьер-министр-ред.) өкмөтүндөй реформаны үч жылда бүтүрөм дебей, 1-1,5 жылдан ашырбай дароо бүтүрүш керек эле. Ошондо ирилештирип, 40 райондун ордуна 25 районду калтырып, облустук деңгээлдеги ыйгарым өкүлдөрдү - коопсуздук, статистика кызматтарынын, прокуратуранын, Ички иштер министрлигинин бөлүмдөрүн жойсо, ирилештирилген 25 райондун акимдери түз премьер-министр же президент менен, прокурорлору түз башкы прокурор менен, ички иштер кызматтары түз министр менен иштешип, натыйжалуу башкаруу болмок.

Бизде санарип кирип жатат. Керек болсо күнүнө онлайн башкарып турса, бул эффективдүү башкарууга алып келмек. Көп каражатты үнөмдөмөк. Акимдерди ротациялоо, билим деңгээлин көтөрүү дегендерди ошону менен кошо чечкенде жакшы болмок.

- Азыркы ротация сизди эмнеси менен ынандырбай атат?

- Адегенде эле алалычы, эмне үчүн эски бийлик кетип, жаңысы келди? Анткени, шайлоодо добуштарды жапырт сатып алуу болду да, туурабы? Ошондо ушул эле ротацияланган акимдер оозун ачып карап отурду же билегин түрүнүп “раимдерге”, “Мекеним Кыргызстан” менен “Биримдикке” жардам берди да. Аларды чоңойтконго моралдык укук барбы? Жанагы үч партия менен кошо аларга ошол учурдагы жардам берген жетекчилердин, акимдердин, губернаторлордун жоопкерчилигин караш керек эле.

- Кадр кызматынын башчысы Абдырахман Маматалиев айтып атпайбы, добуш сатып алууга, саясатка, шайлоого аралашкандарды аттестация аркылуу кызматтан четтеттик, тажрыйбасы мыктыларды, ишмердиги дал келгендерди, мыйзамды билгендерди, сапаттык деңгээли жогоруларды тандап аким кылып дайындап, которуштурдук деп.

- Эмне, билими барлар коррупциялык схемаларга, добуш сатып алууга барбайт же шайлоодо жеңгенге бийликке жардам бербейт деген кепилдик бар бекен? Люстрация деген эң кыска сөз бар. Люстрациянын биринчи эле пункту - массалык сатып алуунун негизинде чыккан революцияда бийликти кетирүү.

Аныкталдыбы, шайлоо жокко чыктыбы - камап салбаса да, люстрация кылып коюу керек эле. Тескерисинче, ошол район, облус жетекчилерин ротация жолу менен колдонуп атпайбы. Демек, азыркы бийликке деле эртеңки шайлоодо добуш сатып алып бергенге тажрыйбалуу аким, губернатор жардам бергени жатпайбы. Район, облус жетекчилери саясий кызмат орундарында отурушат. Алар аттестация, конкурс жолу менен эмес, тескерисинче, саясий буйрук менен жумушка коюлат жана алынат. Анткени, премьер-министр же президент ушул акимдер аркылуу мамлекетти башкарат да.

- Акимдердин ыйгарым укуктары дээрлик жокко эсе деп буга чейинки акимдер айтып эле келатышкан. Кандай иштешет эми азыр жаңы дайындалгандар?

- Конституция ишке киргенден кийин президент өзү Министрлер кабинети менен ыйгарым укуктарынын чегинде милдеттерин тез арада аныктап бериши керек.

- Акимдер кандай укук-милдеттерге ээ болушу керек?

- Буларды жергиликтүү курултайга отчет бергидей кылып коюш керек. Менин элдик курлутай жөнүндөгү мурунку мыйзам долбоорумда бир нече категория бар эле. Айыл өкмөт башчылары айылдык-шаардык курултайга, аким райондук курултайга, президент элдик курултайга отчет берет. Азыр деле ошондой кылса болот. Болбосо мурункудай эле жергиликтүү, райондук депутаттарынын кошмо жыйынына же райондук курултайга отчет бериши керек. Андай болбогондо аким менен элдин ортосундагы байланыш болбойт, мүмкүн эмес.

- Сиз айтып жаткан аймактык реформага азыркы ротация канчалык дал келет?

- Дал келбейт. Экөөнү чогуу алып кетсе жакшы болмок. Менимче ротациянын бир чоң артыкчылыгы – кадрларды өстүрөт. Түзүгүрөөк иштеп келаткан акимди бир-эки облуста ротация жолу менен иштетип, тажрыйба топтотуп, анан министрлик деңгээлге алып барса болот. Акыркы жылдары канчалаган министрлер, вице-премьер-министрлер облус, район эмес, айыл өкмөттү жетектебегендер болуп калып атпайбы. Алар эч нерсени билбейт. Себеби, тажрыйба жок. Ошондуктан, кадр өстүрүүгө ротациянын чоң пайдасы бар.

- Сиз айтып жаткан реформа колго алынабы?

- Ишениш кыйын. Азыр борбордон ажыратуу эмес, тескерисинче, борборлоштуруу процесси башталгандай. Эгер айыл өкмөттөрүн акимдер сунуштай турганы тууралуу мыйзам долбоору өтүп кетсе, айыл өкмөтүн тандап алганга элдин эмес, жалгыз акимдин мээси жетет деген логика пайда болуп жатпайбы. Мисалы, Таластан Баткенге барган аким элдин мыктыларын тааныбайт, анан кантип талапкерди сунуштайт? Анда ал тыйын берем дегенди же кызмат кылып берем дегенди же борбордон көрсөткөндү сунуштайт. Бул - өтө чоң тобокелчилик жана артка кадам.

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG