Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:52

Айыл өкмөт башчыны шайлоодо нааразылык чыкты


Өзгөн районунун Куршаб айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоого нааразы болуп чыккандар. 14-июнь, 2021-
Өзгөн районунун Куршаб айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоого нааразы болуп чыккандар. 14-июнь, 2021-

Өзгөн районундагы Куршаб айыл өкмөтүнүн алдында 15-июнда 50дөй киши нааразылык акциясын улантты. Алар эки күндөн бери айыл өкмөт башчысын шайлоодо добуш сатып алуу болду деген негизде анын жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып жатышат. Депутаттар жана шайланган айыл өкмөт жетекчиси буга макул эмес.

Добуштар сатылдыбы?

Куршаб айыл өкмөтүнүн имаратынын алдына нааразычылык акцияга чыккандар мурдагы айыл өкмөт башчы Алтынбек Ташиевди кайра шайлап берүүнү жергиликтүү кеңештин депутаттарынан талап кылып жатышат.

Акциянын катышуучуларынын бири Мисрат Айбашева өз нааразылыгын мындайча негиздеди:

Мисрат Айбашева.
Мисрат Айбашева.

“Көзүбүз менен көрбөдүк. Бирок айыл жергесинде угат экенсиң. Азыркы шайланган баланы баарыбыз билебиз. Шайлоодо акча ойноду деген ойдобуз”.

Куршаб айыл өкмөтүн шайлоо 14-июнда өтүп, ага эки талапкер катышкан. Алар - ишкер Сактан Келдибаев жана буга чейин айыл өкмөт башчы болуп иштеген Алтынбек Ташиев. Жыйынтыгында Сактан Келдибаев 20, Алтынбек Ташиев 10 добуш алган. Бир депутат экөөнө тең каршы добуш берген.

Куршаб айылдык кеңештин төрагасы Байыш Жумаев шайлоодо добуш сатып алуу болду деген пикирлерди четке какты:

Байыш Жумаев.
Байыш Жумаев.

“Мен биринчи жолу эмес. Экинчи жолу депутат болуп жатам. Мурда төраганын орун басары болгом, азыр депутаттардын колдоосу менен төрага болуп отурам. Булар айыл өкмөт акча менен шайланды деп жатышат. Аны мен далилдей албайм. Жеке мага эки тараптан тең акча сунуштоо болгон жок. Андай учур болсо ачыгын айтат элем”.

Шайлоону жокко чыгарууга негиз жок

Мыйзам боюнча айыл өкмөт башчыны айылдык кеңештин депутаттары шайлайт. Экинчи ирет шайлоо өтүшү үчүн буга чейинки өткөрүлгөн өнөктүктүн жыйынтыгы жокко чыгарылышы керек.

Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Калыбек Акыбаев айыл өкмөт шайлоодо мыйзам бузуу катталбаганын билдирди. Мындан улам ал шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарууга негиз жок экенин айтууда:

“Жыйынтыкты жокко чыгарууга эч кандай себеп жок. Эч кандай мыйзам бузуу катталган жок. Ал жерде ар бир маселени добушка салып, ыраазычылыктарын алып анан жыйынтыктап кеткенбиз. Мыйзам бузуу болгон эмес. Ал эми сырт жагында эмнелер болгонун биз билбейбиз”.

14-июнда Куршаб айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланган Сактан Келдибаев айыл элине ишкер катары таанымал. Ал өзүнө карата айтылып жаткан добуш сатып алды деген дооматты четке какты. Келдибаев шайлоо таза өткөнүн белгилеп, митингге чогулгандарга карата буларды айтты.

Сактан Келдибаев
Сактан Келдибаев

“Утулганды да билиши керек. Эгерде мен мурда башка жакта иштеп коррупция менен кармалып, шайлоодо коррупционер утуп алды дешсе, менин оюм да башкача болмок. Мен буга чейин эч жерде иштеген эмесмин. Буга чейин ошол айылдык кеңеште 4 жыл депутат болгонмун. Айылдын ичиндеги бардык көйгөйлүү маселелерди билем”.

Куршаб айылында 24 миңдей адам жашайт. Куршаб, Шагым жана Эрдик айылдары кирген айыл өкмөттүн бир жылдык бюджети республикалык казынадан кошумчаланган каражатты кошкондо 31 миллион сомду түзөт. Айыл өкмөт башчысын шайлоонун жыйынтыгына макул болбогондор 14-июнда да акцияга чыгышкан.

Айыл өкмөт шайлоодогу саясий күрөш

Сактан Келдибаев Жогорку Кеӊештеги "Республика – Ата Журт" фракциясынын депутаты Сагындык Келдибаевдин иниси.

Айыл өкмөт башчыларын шайлоодо башка да жерлерде чыр катталган учурлар болду. Саясат талдоочу Төлөгөн Келдибаев айыл өкмөт шайлоодо да саясий күчтөр менен олигархтардын кызыкчылыгы бар деген ойдо:

Төлөгөн Келдибаев.
Төлөгөн Келдибаев.

“Мурда Матраимовдор Кара-Сууда 17 айыл өкмөт болсо ошонун баарына кандай жол менен болбосун өзүнүн адамдарын алып келүүгө аракет кылышкан. Мыйзамдуубу, мыйзамсызбы ошол алып келген олигахтарга көз каранды болуп калышат. Алардын артында чоң адамдар турат. Алар 10-20 миң доллар сарптап, ошону менен болсо да шайланып кел дешет. Шайланып келери менен алардын кызыкчылыктарын чечишет”.

11-апрелде Кыргызстанда 420 айылдык кеңешке шайлоо өткөн. Жергиликтүү депутаттар жаңы шайланып келгенде айыл аймактарынын башчылары да алмашат.

Коомчулукта Сактан Келдибаевдин Кадыралиевдердин үй-бүлөсү менен болгон жаңжалы белгилүү. Ишкер Сактан Келдибаевдин атасы 2014-жылдын 30-августунда түндө алардын үйүнө беткапчан куралдуу төрт адам кирип келип, 10 миң доллар жана эки уюлдук телефонун тартып алганын айтып, арыз жазган. Ал беткапчандарды Канжар Кадыралиевдин кылмыштуу тобу катары сыпаттаган.

Башкы прокуратура 2014-жылы Жогорку Кеңештин ошол кездеги депутаты Ыргал Кадыралиеванын жана парламенттин мурдагы депутаты, маркум Санжар Кадыралиевдин бир тууганы, Ош шаардык прокуратурасынын мурдагы кызматкери Канжар Кадыралиевге карата Кылмыш-жаза кодексинин «Бейбаштык», «Опузалоо» жана «Өзүм билемдик» беренелери менен ишин козгоп, аны кызматынан бошоткон. Кылмыш иши козголгондон кийин Кадыралиев качып кетип, беш айдан кийин камакка алынган. Бишкек шаардык сотунун чечими менен 2015-жылы үй камагына чыгарылган.

Октябрь райондук соту 2019-жылы Кадыралиевдин ишин «мөөнөтү өтүп кетти» деп кыскарткан. Ага чейин айыптоочулар аны 15 жылга камакка алууну өтүнгөн эле. Ыргал Кадыралиева депутат Сагындык Келдибаевдин кош жарандыгы бар экенин айтып чыгып, бирок эл өкүлү аны четке каккан эле.

  • 16x9 Image

    Маратбек Акимбек уулу

    Маратбек Акимбек уулу "Азаттыктын" Оштогу кабарчысы. ОшМУнун кыргыз филология жана журналистика бөлүмүн аяктаган. Президенттин алдындагы башкаруу академиясынын магистранты. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG