Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:42

Кадыралиевдин иши кыскарып тынды


Канжар Кадыралиев.
Канжар Кадыралиев.

Мурдагы прокуратура кызматкери Канжар Кадыралиевге карата чыккан райондук соттун өкүмүн жокко чыгарууну суранып жабырлануучу ишкерлер Бишкек шаардык сотуна кайрылмай болушту.

Октябрь райондук соту Кадыралиевди ишин «мөөнөтү өтүп кетти» деп 17-июнда кыскарткан. Айыптоочулар аны 15 жылга камакка алууну өтүнгөн эле. Бир нече жылга созулган иштин ушундайча аякташы коомчулукта түрдүү пикирлерге жем таштады.

«Ош шаардык прокуратурасынын мурдагы кызматкери Канжар Кадыралиевден жабыр тарттык» деген ишкерлер дээрлик беш-алты жылдык соттошуудан кийин кайрадан жеңилип калышты. Адилеттиктен үмүтүн үзбөгөн ишкерлер эми соттун кийинки баскычына кайрылмак болуп жатышат. Кадыралиевге каршы арыз жазган ишкер Сактан Келдибаев «Азаттыкка» буларды билдирди:

«Сот Канжар Кадыралиевди күнөөлүү деп таап, бирок жазасыз калтырып койду. «Доонун эскиришин колдонуу» деген түшүнүк бар эмеспи, мына ошону колдонуп, «убакыт өтүп кетти» деп чечим чыгарды. Мыйзам боюнча иштин мөөнөтү эскиргени кызматта турбаган гана адамдарга колдонулат экен. Бул прокуратуранын кызматкери болуп туруп бандиттердин ишин жасап жүргөнүн эске албады да. Бир эпизод боюнча «кылмыштын мөөнөтү» дегени да жок болчу. Бул жерде өтө чоң суммада акча ойноду, аны биз баарыбыз эле жон терибиз менен сезип турабыз. Бирок ага карабай биз Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз жазууга камынып жатабыз».

Башка бир ишкер, жабырлануучу Абдимитал Бекташев да соттун чечимине нааразы болду:

«Канжар Кадыралиев бизди сабаган, урган, аткан. 20 сотых багым бар эле, аны тартып алып үй салып алган. Ушунун баарын сотто төкпөй-чачпай айтып бердим. Бирок сот бирин да уккан жок. «Мыйзам чегинде карап беребиз, калыс чечим чыгарабыз» деп эле акчасын алып алганбы, соңунда Кадыралиевди актап салышты. Кыргызстанда мыйзам жок экенине, кызматта турган, бийлик-байлыгы бар адам эч кимди көзүнө илбей жашай ала турганына көзүм жетти. Кайра арыз беребиз, албетте, бирок менин акыркы үмүтүм өчтү».

Кадыралиевден жабыр тарткандардын басма сөз жыйыны. 13-ноябрь, 2015-жыл.
Кадыралиевден жабыр тарткандардын басма сөз жыйыны. 13-ноябрь, 2015-жыл.

17-июнда өткөн Бишкектин Октябрь райондук сотундагы процессте прокурорлор Канжар Кадыралиевди 15 жылга камакка алууну өтүнүшкөн эле. Сот муну эске алган эмес.

Бишкек шаардык сотунун басма сөз катчысы Айсулуу Исабек кызы райондук соттун чечимине түшүндүрмө берди.

«Кадыралиев Канжарбек Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 2017-жылдын 2-февралындагы редакциясынын, 204-беренесинин 3-бөлүмү жана 1-бөлүмү боюнча күнөөлүү деп табылган. Жазык-куугунтуктоонун мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу жаза өтөөдөн бошотулган», - деди сот өкүлү.

Маалым болгондой, Башкы прокуратура 2014-жылы Жогорку Кеңештин ошол кездеги депутаты Ыргал Кадыралиеванын жана парламенттин мурдагы депутаты, маркум Санжар Кадыралиевдин бир тууганы, Ош шаардык прокуратурасынын мурдагы кызматкери Канжар Кадыралиевге карата Кылмыш-жаза кодексинин «Бейбаштык», «Опузалоо» жана «Өзүм билемдик» беренелери менен ишин козгоп, аны кызматынан бошоткон. Кылмыш иши козголгондон кийин Кадыралиев качып кетип, беш айдан кийин камакка алынган. Кийинчерээк Бишкек шаардык сотунун чечими менен 2015-жылы үй камагына чыгарылган.

«Азаттык» бул ишти иликтеп, коомдо катуу талкууга алынгандан кийин соттук териштирүүнү ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев көзөмөлгө алган. Бирок сот иши создугуп, жабыркагандар беш жылдан бери арызданып жүрүшөт. Былтыр жыл аягында жабырлануучулардын арызы менен Октябрь райондук сот ишти кайра иликтөөгө жиберген. Быйыл январда сот иши калыбына келтирилген.

Кадыралиевге иш козголушуна «куралдуу карактоого кабылды» деген өзгөндүк ишкер Сактан Келдибаевдин туугандарынын, андан кийин өзүнүн айылдашы Абдимитал Бекташевдин арыздары негиз болгон. Ага карата жалпысынан беш киши сотко даттанган. Башынан эле прокуратура аны 15 жылга эркинен ажыратууну суранган. Жабыркагандар да муну колдой турганын билдиришкен. Кадыралиев жана анын жакындары кылмыш иши негизсиз козголгонун айтып келе жатышат.

«Азаттыктын» Канжар Кадыралиевдин өзүнөн жана жакындарынан комментарий алуу аракетинен майнап чыккан жок. Анын бир тууган эжеси, экс-депутат Ыргал Кадыралиева «Фейсбуктагы» баракчасында соттун чечимин кубаттады.

Ыргал Кадыралиева.
Ыргал Кадыралиева.

«Бактыга жараша, менин иниме карата абсурддук айыптоолор боюнча узарып кеткен соттук иш токтотулду. Соттун чечимине ылайык, менин бир тууганым соттолбогон болуп саналат. Акыры соттор көз карандысыз боло баштаганына биз кубанычтабыз», деп жазды ал.

Деген менен коомчулукта Канжар Кадыралиевге козголгон кылмыш ишинин кыскарышы түрдүүчө кабылданды. Бири иштин мөөнөтү чындап узарып кеткенин, кыскарганы мыйзам ченемдүү болгонун айтышса, башкасы атайылап ушуга жеткирилгенин билдиришүүдө.

Серепчи Төлөгөн Келдибаев бул азыркы коррупцияга, кылмыштуулукка каршы саясатка жана укук коргоо органдарынын ишине көлөкө түшүрөт деп эсептейт.

Төлөгөн Келдибаев.
Төлөгөн Келдибаев.

«Кезинде «президенттин өз көзөмөлүнө алынды» деп жаткан иш мына ушундай аяктады. Башкача айтканда мамлекеттин биринчи кишисинин сөзү бир тыйын болуп калды. Ооба, бул жерде мыйзамдык жагы мыйзамдуу. Анткени иш өтө узарды, мөөнөтү эскирди, соттор ошонун негизинде чыгарды дейли. Бирок мунун моралдык жагы кайда калды? Бирөөлөрдү тоноп-сабап коюп, беш-он жылдан кийин баарын жоюп, жоопкерчиликтен качып кетсе боло береби? Муну тергөөчүлөр да, соттор да атайылап узартып, айыпталуучуну бошотууга алып келишти. Бул мурдагы бийликтин тушунда болгон менен азыркы бийликке, укук коргоо органдарына көө жапты. Органдарда дагы эле таза эмес, тааныш-билиштер иштей турганы, коррупция гүлдөп-өсүп жатканынын дагы бир далили мына ушул соттук иш болуп калды», - деди Келдибаев.​

Мирлан Жолдошевдин үй-бүлөсү.
Мирлан Жолдошевдин үй-бүлөсү.

Канжар Кадыралиевге каршы даттангандар буга чейин төрт-беш жолу басма сөз жыйынын, эки-үч ирет митинг өткөрүшкөн. Акыркы жолу, былтыр октябрь айында жабыр тарткандардын бири, Ош шаарынын тургуну Мирлан Жолдошев эки баласын, карыган ата-энеси менен жубайын ээрчитип Жогорку Кеңештин имаратынын алдына пикетке чыккан.

«Азаттыктын» Канжар Кадыралиевдин кылмыш ишине байланыштуу 2014-жылы жүргүзүлгөн иликтөөсү:

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG