Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:46

COVID-19: Кырдаал курчуду. Ооругандар, каза болгондор көбөйдү


Бишкектеги медицина кызматкери ПЧР-тест алып жатат.
Бишкектеги медицина кызматкери ПЧР-тест алып жатат.

Кыргызстанда июндун соңку он күнүндө жана июлдун башында коронавируска кабылгандардын саны кескин көбөйүп, оору азыркыдан да курчуп кетиши мүмкүн.

Көз карандысыз адистерден турган топ 21-июндан 2-июлга чейин COVID-19 вирусунун жайылышын изилдеп, илдет жуктургандардын саны күн сайын 1500 адамдан ашып кетиши мүмкүн экенин айтып жатышат. Алардын божомолунда, башка аймактарга салыштырмалуу Ош жана Бишкек шаарларында кырдаал курчуйт. СOVID-19 оорусун алдын-ала божомолдоо жана эпидемиологиялык кырдаалды моделдөө боюнча адис, эпидемиолог Айжан Дооронбекова мындай деди:

“Биздин анализ үч сценарий менен жүргүзүлөт. Бул жолкусунда эң жаман сценарий менен кетишибиз мүмкүн. Анткени, Кыргызстанда Индия, Британия, Түштүк Африка жана Орусия штаммдары адаптация болду. Азыркы статистиканын өсүп жатышына Индия штаммы себеп болду деген божомол бар. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, бул штамм британ штаммына караганда жабык жайларда 64%, ачык жерде 40% ылдам жайылат. Биз такыр жаңылбайбыз дегенден алыспыз. Бирок биздин ыкма вирус жугузгандардын өсүшүн аныктай алат. Кыргызстан бардык нерсеге даяр болушу керек”.

Июндун экинчи аптасынан тартып илдет жуккандар күнүнө 500-700дүн тегерегинде болуп келген. Вирус 19-июнда 870, 20-июнда болсо ​730 кишиден аныкталды. Алардын жарымынан көбү Бишкек жана Ош шаарында. Мындан тышкары соңку 20 күндө эле 116 бейтап коронавирустан каза болуп, 20-июнга карата көз жумгандардын жалпы саны 1931 адамга жетти.

COVID-19 вирусунун жайылышын изилдеген топтун дагы бир мүчөсү буларды айтты:

“Эпидемиологиялык процесс сезимтал келет. Эгерде эл эрежелерди сактаса, көпчүлүк чогулган жерге барбаса же мамлекет кандайдыр бир чектөөлөрдү киргизсе, анда кырдаал дагы өзгөрөт. Эгер азыркыдай эле жайылып жүрө берсек, анда июль айынын башталышына күнүнө вируска чалдыккандардын саны 1500 адамга жетет. Акыркы эки жумадан бери статистика өсүп, эң жаман сценарий менен кетип баратабыз. Мамлекет кескин чектөөлөрдү киргизбей жатат. Эл болсо былтыркы июль айындагы окуяларды унутуп калган сыяктуу”.

Буга чейин Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги Кыргызстанда коронавирустун үчүнчү толкуну башталганын расмий кабарлаган. Азыркы тапта Чүй, Ош, Ысык-Көл облустары, Ош, Бишкек шаарларыы “кызыл зонага” киргизилип, бул аймактарда бир катар чектөөлөр пайда болду. Мындан тышкары күндүзгү стационарлар ачыла баштады.

Коронавирус курчуп кеткендиктен Бишкек мэриясы мекеме-уюмдарга кайрылып, кызматкерлердин жарымын аралыктан иштөөгө өткөрүүнү сунуш кылды. Ошондой эле борбор калаада бар, кафе, ресторан, караоке-клуб сыяктуу объектилер 23:00дө жабылып, таңкы 07:00дөн эрте ачылбай турган болду. Ошто болсо коомдук, маданий иш-чараларга, той-топурларга тыюу салынган.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев азыркы учурдагы чектөөлөргө мындай деген түшүндүрмө берген:

Жалалидин Рахматуллаев
Жалалидин Рахматуллаев

“Былтыр Кыргызстан боюнча өзгөчө кырдаалдар режими киргизилип, бүт жер жабылган. Чектөөлөр майдын аягында алынып, июнда вирус жуктургандар күнүнө 25-30 адамдын тегерегинде эле катталган. Быйыл болсо 700 адамдан ашып атат. Мындай айырмачылык карантинден улам болгон. Анткени былтыр жарандарыбыз үйлөрүнөн чыккан эмес да. Бирок ал экономикалык жактан терс таасирин тийгизген. Ошон үчүн быйылкы чектөөлөр башкача болуп жатат. Ишканалардын ишине толкоолдук болбойт. Ошол жерде эрежелер сакталышы керек”.

Адистер санитардык эрежелерди сактоо жана вакцина алуу жолу менен коронавируска каршы турса болорун айтып жатышат. Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстан боюнча эмделе турган 2,6 миллион адам бар. 19-июнга карата алардын 92 миңден ашыгы гана вакцина алган. Жарандарга Кытайдын жана Орусиянын вакциналары сайыла баштаган.

Медицина тармагы боюнча эксперт Айбар Султангазиев үчүнчү толкун оор өтө турганын божомолдоду:

Айбар Султангазиев
Айбар Султангазиев

“Азыр ооруканаларда орун жок, “Тез жардам” кызматына чалуулар көбөйдү. Бул үчүнчү толкун былтыркыдай оор боло турганынан кабар берет. Июлдун аягына чейин дарылар дагы түгөнүшү мүмкүн. Азыркы майда-чүйдө вакцина эпидемиянын азайышына таасир этпейт. Вирусту азайтабыз десек, бир-эки айдын ичинде жарандарыбыздын 60-70% эмдешибиз керек. Азыр жөн эле элди тынчытып жатышат. Бизге эч ким бекер вакцина бербей турганын түшүнүшүбүз керек. Эмнеге шайлоо өткөргөнгө акча бар дагы, вакцина алганга жок?”.

Былтыр июль-август айларында вирус жугузгандардын жана каза болгондордун саны кескин өсүп кеткен. Ал учурда ооруканаларга киши батпай, дарыгер жетишсиз болгон жана көз жумган учурлар көп катталган.

COVID-19: Ооругандар, курмандыктар расмий эсептен көппү?
please wait

No media source currently available

0:00 0:59:51 0:00

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG