Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:52

Коронавирус жарым айда жүздөй өмүрдү кыйды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда жарым айдан бери 99 адам коронавирустан көз жумду. Оору жуккандар күнүнө 400дөн 600гө чейин катталууда. Вируска каршы эмдөө өнөктүгү майдын аягында токтоп, вакцинанын экинчи партиясы 20-июнга чейин келери айтылууда.

Бишкектеги стационарларда бош орундар толо баштады. Жалпы ачылган 3 миңге чукул орундан 182 керебет гана бош.

Акыркы маалыматтар боюнча 5 миңден ашуун адамда коронавирус лабораториялык, клиникалык жол менен аныкталды. 2052 адам ооруканада, 3080 бейтап үйүнөн дарыланууда. Ооруканада жаткандардын 100ү өтө оор, 563 киши оор абалда жатат.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев акыркы жети күндүн ичинде оорунун жайылуу көрсөткүчү же жугуштуулугу 1,3 пайызды түзгөнүн кабарлады.

Ал санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактабай, коомдук жайларда беткап тагынбай жүрүү оорунун жайылышына шарт түзөрүн дагы бир жолу эскертти.

“Республикабызда коронавирустук инфекциянын биринчи учуру 2020-жылы 18-мартта катталган. Жыл ичинде оорунун эки толкуну болду. Оорунун эң бийик чокусу былтыр июль айында катталып вирус бир күндө 1600 адамдан табылган. Экинчи толкуну 2020-жылдын октябрь, ноябрь айларында байкалып, күнүнө 606 адамга чейин жеткен”, - деди Жалалидин Рахматулаев 15-июнда өткөн брифингде.

Ош "кызыл зонада", Жалал-Абадга кошумча оорукана керек

Аймактарда да абал күндөн күнгө курчуп баратат. Ош шаары коомдук, маданий иш-чараларга, той-топурга тыюу салып, күндүзгү стационар иштеп жатканына бир жума болду.

Жалал-Абад облустук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүндөгү 65 керебет толуп калгандыктан кошумча стационар ачыш зарыл болууда.

Бул тууралуу 14-июнда облустук штабдын жыйынында өкмөттүн Жалал-Абаддагы өкүлүнүн биринчи орун басары Ырысбек Ызабеков билдирди.

“Жалал-Абад облустук ооруканасындагы 65 койка толуп калгандыктан, Аксы жана Ноокен райондук ооруканалары коронавируска чалдыккандарды кабыл ала баштады. Акыркы учурда коронавирус жугуп кайрылгандардын көбү Ноокен районунун тургундары болууда. Ошондуктан облустагы кырдаалды эске алып, аймактардагы тийиштүү адистерден 1-июлга чейин ооруну алдын алуу үчүн сунуштарды карап чыгабыз. Атайын чектөөлөр каралат. Аларга коомдук жайларды, каттамдарды, той-аштарды кыскартуу кирет”.

Эптелбеген эмдөө

Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө өнөктүгү 29-мартта башталып, майдын аягында биринчи партия менен келген Кытай жана Орусиянын вакциналары бүткөн. Азыркы тапта Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги экинчи партияны алып келүү үстүндө иш алып барууда.

Бул тууралуу министр Алымкадыр Бейшеналиев "Азаттыкка" кабарлады.

"Кытайдан грант түрүндө келе турган коронавируска каршы вакцинанын экинчи партиясы 20-июнга чейин келиши күтүлүүдө. Бул багытта бардык керектүү сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. UNICEF вакцинаны ташып келүүнү камсыздап бермей болду".

Буга чейин Кыргызстан Кытай берген вакцинаны алып келүүгө каражат издеп жаткан. "Sinopharm" вакцинасынын 75 миң кишиге ылайыкташкан 150 миң дозасы март айында Кыргызстанга Кытайдан жардам иретинде жиберилген. 29-мартта өлкөдө эмдөө өнөктүгү башталган.

Орусиядан 20 миң кишиге жеткидей "Спутник V" вакцинасынын 40 миң дозасы келген. Жалпы эмделгендердин саны 90 миңден ашты. Кыргызстанга эл аралык COVAX программасы менен келе турган "AstraZeneca" вакцинасынын 210 миң дозасы Индиянын Серум институту чет өлкөгө вакцина сатууну токтоткондон улам кечигүүдө.

Республикалык иммунопрофилактикалык борбордун директору Гүлбара Ишенапысова:

"Индиядагы Серум институту чет өлкөлөргө такыр вакцина чыгарбай жатыптыр. Эл аралык келишим боюнча "AstraZeneca" вакцинасы Борбор Азияга Индия аркылуу келмек. Балким алар өзүнүн калкын эмдеп жатат. Бирок азыркы тапта башка өндүрүүчүлөр аркылуу алып келүүнүн жолун издеп жатабыз. Негизи келишимге ылайык вакцина өлкөгө июнь же июль айында келмек", - деди.

Тажия, той-топур токтогон жок

Ал арада адистер коронавирустан каза болгон адамдардын тажиясы 2020-жылы белгиленген санитардык нормаларды сактабай эле өткөрүлүп жатканын айтышууда. Ооруканада көз жумган бейтаптарды жерге берүүдө эрежелер каралганы менен үйүнөн каза болгондорду акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсү көп сандагы кишинин коштоосу менен уланууда.

Ноокат районунун тургуну, ардагер дарыгер Абдурахман Абдуллаев жакында эле коронавирус жугуп, араң айыккан. Ал акыркы учурдагы эпидемиологиялык абалга кабатыр экенин билдирди.

"Эрежелер сакталбай, өтө эле ээн-эркин жүрүп калдык. Бул оору аябай жаман экен. Араңдан зорго айыгып чыктым. Ооруканада каза болгондордун ПЧР анализинен вирус чыкса, санитардык нормаларга ылайык акыркы сапарга узатып жатышат. Бирок үйүнөн өлгөндөргө эл кадимкидей эле чогулуп жатпайбы. Той-топур токтогон жок. Мындан ары абал кооптуу болот окшойт".

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 15-июндагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул илдеттен алты адам каза болду. Көз жумган бейтаптардын төртөө Бишкекте, бирөө Чүйдө, бирөө Ысык-Көлдө катталды. Жалпысынан өлкөдө коронавирустан каза болгондордун расмий саны 1905 адамга жетти.

Башка өлкөлөрдө абал кандай?

Коронавирус учурда мигранттар байма-бай каттаган Орусияда жана коңшу өлкөлөрдө да тездик менен тарай баштады.

13-июнда Москва шаарынын мэри вирустун жайылышын ооздуктоо үчүн жашоочуларды үйдөн иштөөгө чакырып, 19-июнга чейинки күндөрдү дем алыш деп жарыялаган.

Ага өлкө боюнча вирустун 14 723 адамга жукканы себеп болгон. Анын ичинен көбү Москва шаарынын жашоочулары. Бул декабрдан берки эң жогорку көрсөткүч.

20-июнга чейин Москванын парктарындагы көңүл ачуучу жайлар, балдар ойной турган жана спорт аянтчалары ишин токтотот, ал эми соода борборлорунун тамактануу жайлары жана балдар аянтчалары жабылат. Коомдук тамактануучу жайлар жана түнкү клубдар саат 23:00дөн баштап таңкы саат 6:00 чейин кардарларды тейлебейт.

Казакстанда өткөн эс алуу күндөрү коронавирус илдетинин тест менен аныкталган 967 жаңы учуру катталып, 19 адам көз жумган. Алардын үчтөн бири Нур-Султан шаары менен Караганда облусуна туура келет. Баш калаада 215 учур аныкталса, Карагандада 165 кишиден вирус табылды.

Быйыл март айынан бери өлкө боюнча жалпы инфекциянын лабораториялык жактан тастыкталган учуру 402 239 адамды түзгөн.

Ал эми Тажикстандын Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдө "коронавирус менен ооругандар жок экенин" айтууда. Мекеме COVID-19 симптому менен түшкөндөр кургак учук жугузуп алганын айтууда. Адистер мындай реакцияны мамлекет чек аралар жабылып, авиа каттамдардын токтоп калышынан корккону менен түшүндүрүүдө.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG