Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:00

Коронавирустан дагы алты адам каза болду, 514 бейтап жаңы катталды


Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 15-июндагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул илдеттен алты адам каза болду. Көз жумган бейтаптардын төртөө Бишкекте, бирөө Чүйдө, бирөө Ысык-Көлдө катталды.

Жалпысынан өлкөдө коронавирустан каза болгондордун расмий саны 1905 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 514 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (234) жана Ош шаарында (110).

Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 111 343 адамга жетти.

Бир күндө 367 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 2052 адам жатат, дагы 3080 бейтап үйдөн дарыланууда.

Кыргызстанда 2020-жылдын март айында башталган коронавирус эпидемиясы июль айында курчуп, көп киши каза болгон.

Сентябрдын башында каза болгондор катталбай калган. Оорунун экинчи толкуну октябрда башталып, быйыл жазында вирусту жугузуп алгандардын саны кыйла азайган жана күнүнө 30га жетпеген бейтап катталып жаткан.

Адистер расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай жатканын, ооругандар да, каза болгондор да андан көбүрөөк экенин айтып келишет. (RK)

XS
SM
MD
LG