Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:27

Кыргызстандын футболчу кыздары тажикстандык атаандаштарын утушту


Кыргызстандын футбол боюнча 20 жашка чейинки кыздардын курама командасы тажикстандык атаандаштарын утту.
Кыргызстандын футбол боюнча 20 жашка чейинки кыздардын курама командасы тажикстандык атаандаштарын утту.

Кыргыз футбол союзу кабарлагандай, Кыргызстандын футбол боюнча 20 жашка чейинки кыздардын курама командасы тажикстандык атаандаштарын 3:0 эсеби менен утуп алды. Бир голду Татьяна Казначеева, эки топту Адинай Дүйшөбаева киргизип дубль жасады.

Беттеш 14-июнда Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында өттү.

Борбор азиялык футбол ассоциациясынын чемпионаты (CAFA-2021) ушул күндөрү Дүйшөмбү шаарында өтүп жатат. Ага Кыргызстан, Өзбекстан, Иран, Ооганстан жана Тажикстандын командалары катышууда. Мелдеш айлампа ыкмасы менен өтүүдө. Мелдештин жеңүүчүсү топтогон упайдын эсеби менен аныкталат.

Ушу тапта кыргызстандык футболчу кыздар эки оюндун жыйынтыгы менен үчүнчү орунда турат. Буга чейин Өзбекстандын командасына 3:1 эсеби менен утулуп калган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG