Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:43

Жергиликтүү кеңешке шайланган аял депутаттардын жыйыны өтүүдө


Жергиликтүү кеңешке шайланган аял депутаттардын жыйыны. 15-июнь, 2021-жыл.
Жергиликтүү кеңешке шайланган аял депутаттардын жыйыны. 15-июнь, 2021-жыл.

Бишкекте бүгүн 15-июнда жергиликтүү кеңештердин аял депутаттарынын "Мен лидер аялмын" деп аталган жыйыны өтүп жатат. Иш-чаранын максаты - алардын алдыдагы максаттарын талкуулоо жана диалог аянтчасын түзүү.

Жыйында жергиликтүү кеңешке шайланып келген аял депутаттар шайлоодо жана андан кийин кабылган тоскоолдуктар тууралуу айтып беришти.

Иш-чарага Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева, Жогорку Кеңештин депутаттары, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, коомдук ишмер, Аялдарды колдоо борборунун жетекчиси Роза Айтматова, президенттин жубайы Айгүл Жапарова, активист аялдар катышты.

Жергиликтүү кеңешке шайланган аял депутаттардын жыйыны.
Жергиликтүү кеңешке шайланган аял депутаттардын жыйыны.

Айылдык кеңештерде аялдарга 30% квота каралган мыйзам 2019-жылы кабыл алынган. Мындай эреже быйыл 11-апрелде жергиликтүү шайлоодо алгачкы ирет колдонулду.

Кыргызстандагы соңку жергиликтүү кеңештерге шайлоого 5 388 аял катталып, жалпы талапкерлердин төрттөн бир бөлүгүн түзгөн. Анда өлкөдөгү 28 шаардык, 420 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо болду.

Айрым аймактарда кыз-келиндер жергиликтүү кеңешке квота менен шайланып келгенине байланыштуу нааразылык чыккан жана мындан улам Боршайком аял депутаттарга бут тоспоого чакырган. (AiA/SA)

XS
SM
MD
LG