Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:21

“Сосновкадагы” мүчүлүштүктөн улам аткаминерлер эскертүү алды


Чүйдөгү ”Сосновка” пунктунда тараза көзөмөл бекети.
Чүйдөгү ”Сосновка” пунктунда тараза көзөмөл бекети.

Чүйдөгү ”Сосновка” пунктунда тараза көзөмөл талаптагыдай болбогондугуна байланыштуу транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Алмаз Тургунбаевге эскертүү берилди.

Министрлер кабинетинин төрөгасы Улукбек Мариповдун чечими менен Автомобиль, суу транспорту жана салмак-тыш өлчөм көзөмөлдөө агенттигинин директору Шухрат Айтиев да эскертүү алды. Ал эми анын орун басары иштен бошоду.

Ошондой эле “Сосновканын” эки кызматкери да иштен кетти.

11-июнда Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов аталган бекеттин иши менен таанышкан. Анда таңкы саат 8де аталган бекет аркылуу 29 автомашина өткөн болсо, 17си гана каттоого алынганы белгилүү болду.

2020-жылы Бишкек - Ош автожолу боюнча мамлекеттик дирекциянын жетекчиси баш болгон ондон ашуун адам "масштабдуу коррупциялык схемага" шек саналып кармалган. Алар "Сосновка", "Кара-Көл" туннель бекеттеринен өткөн автоунаалардан мыйзамсыз акча алып турушканын, анын айынан бюджетке 20 млн. сом зыян келгени кабарланган. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG