Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:04

Ошто шайлоо өнөктүгү баштала электе милицияга төрт арыз түштү


Ош шаарындагы шайлоо тилкелеринин бири. 11-апрель, 2021-жыл.
Ош шаарындагы шайлоо тилкелеринин бири. 11-апрель, 2021-жыл.

Ош шаардык милициясына шайлоо өнөктүгүндөгү мыйзам бузуулар боюнча 13-июнга чейин төрт арыз келип түштү. Бул тууралуу 14-июнда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Ашим Раимбердиев билдирди.

Анын айтымында, арыздардын үчөө мектепте административдик ресурс колдонулуп жатканы, бирөө Ош шаардык суу чарба башкармалыгынын кызматкери акча таратканы тууралуу жазылган.

14-июнда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын, мэр Таалайбек Сарыбашовдун жана шайлоо өткөрүүгө тиешелүү кызматтардын катышуусунда Ош шаардык кеңешине кайра шайлоо боюнча жыйын өттү.

Ош шаардык кеңешине кайра шайлоого катышуу үчүн тогуз партия документтерин тапшырды.

Быйыл, 11-апрелде Кыргызстанда бир катар шаардык жана жергиликтүү кеңештерине шайлоо өткөн. Добуш сатып алуу жана административдик ресурс чырынан улам Бишкек, Ош, Токмок шаарларындагы шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылып, кайра шайлоо 11-июлга белгиленген. (DU)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG