Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:40

Кан жолдордо эки күндө 15 адамдын өмүрү кыйылды


Ош-Бишкек жолунун Ноокендеги бөлүгүндөгү кырсыкта алты адам ажал тапты.
Ош-Бишкек жолунун Ноокендеги бөлүгүндөгү кырсыкта алты адам ажал тапты.

Кыргызстанда соңку эки күндө жол кырсыктарынан кеминде 15 адам ажал тапты, ондон ашык киши жаракат алды. Мерт болгондордун, жабыркагандардын арасында жаңы төрөлгөн ымыркай, жаш балдар да бар.

Ош-Исфана жолунда 13-июндун түнүндө катталган жол кырсыгынан жабыркаган дагы үч бала бир күндөн кийин ооруканада каза болду.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдиришинче, алар 5, 15 жаштагы балдар жана жаңы төрөлгөн ымыркай.

Алты адамдын өлүмү менен аяктаган кырсык Ноокат районундагы Ош-Баткен-Исфана жолунун 23-чакырымында болгон. Анда эки унаа кагылышып, кырсык болгон жерде үч киши үзүлгөн. Жаракат алган тогуз адам ооруканага жеткирилген.

Ушул тушта кырсыктан жаракат алган дагы үч бала Ош облустук жана Ноокат райондук ооруканаларында жатат.

Окуя болгон жерде ӨКМдин төрт куткаруучусу, бир "тез жардам" бригадасы жана милиция иш алып барууда.

12-июнда Бишкек-Ош жолунун 495-чакырымындагы жол кырсыгынан алты адам көз жумган. Маалыматта айтылгандай, "Мерседес-Бенц" жүк ташыгыч автоунаасы менен менен "Хонда-Одиссей" үлгүсүндөгү машине сүзүшкөн. Кырсыктан дагы эки адам жабыркаган.

Ушул эле күнү Бишкек-Чолпон-Ата жолундагы кырсыктан үч киши мүрт кетип, алардын экөө жаш балдар болгон.

Президент Садыр Жапаров Ички иштер министрлигине (ИИМ) жайкы туристтик мезгилде автоунаалардын кыймылы эселеп көбөйөрүн эскертип, жол кырсыктарын алдын алуу чараларын күчөтүүнү тапшырды.

Президенттик администрациянын басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, Жапаров ошондой эле жарандарды да жол эрежелерин сактоого, айдоочуларды жолдо этият болууга, жөө жүргүнчүлөр менен жол кыймылынын башка катышуучуларын сыйлоого чакырды.

Өлкөдө жол кырсыктарын азайтуу үчүн 2019-жылдан тартып Бишкек шаарында “Коопсуз шаар” долбоору иштей баштаган.

Өткөн аптада Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов камера коюлган жерлерде жол кырсыктары азайганын айткан. Бирок жалпы эсепте кырсыктардын саны көбөйгөн.

“Коопсуз шаар” долбоорунун биринчи этабын ишке ашырган орусиялык “Вега” компаниясы 35 миллион долларга Бишкек менен Чүйдөгү жолдорго 110 көзөмөл камера-комплексин орноткон. Анын 90у стационардык, 20сы көчмө аппараттар. Кийинчерээк бул камералардын саны көбөйгөн.

2021-жылдын башынан бери Кыргызстанда катталган автокырсыктардын саны жана курмандыктары тууралуу расмий маалыматтар жарыялана элек. 2020-жылы өлкөдө 6 миңден ашуун жол кырсыгы катталып, 760 адам каза болгон. Бул көрсөткүч 2019-жылга салыштырмалуу 8% көп.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG