Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:20

УКМК: Абхазиядан мыйзамсыз ташылган машиналар кармалды


Абхазиядан мыйзамсыз ташылып келаткан автоунаалар.
Абхазиядан мыйзамсыз ташылып келаткан автоунаалар.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) "Чалдыбар-автожол" (кыргыз-казак чек арасындагы) өткөрүү пунктунан Абхазиядан аткезчилик жол менен автоунааларды ташып келген схеманы аныктады. Машинелер Армения аркылуу жасалма документ менен ташылып келаткан.

Атайын кызмат бул фактыны “Экономикалык аткезчилик” беренеси менен иликтеп жатат. Ага ылайык, 9-июнда Кыргызстандын жараны ("И.Т.К.") "Вольво" маркасындагы автотралга сегиз автоунааны жүктөп келе жатканда "Чалдыбар-автожол" бекетинен колго түшкөн.

Ал автоунааларды текшере келгенде жасалма документтер табылган.

УКМК жарандарды ЕАЭБге кирбеген өлкөлөрдөн автоунааларга буйрутма берүүдө жана сатып алууда сак болууга чакырды.

ЕАЭБдин Бажы кодексинин 264, 275-беренелерине ылайык Абхазиядан убактылуу алып келинген унааларды башка бирөөгө берүү жана ишеним кат менен сатуу мыйзамсыз. Машинаны ЕАЭБдин аймагына киргизип жатканда убактылуу бажы декларациясы толтурулат. Бул документти бир жылдык мөөнөткө чейин алса болот. Бир жылдан кийин автоунааны ЕАЭБдин аймагынан чыгарып кетүү керек.

Абхазия 1992-жылы Грузиядан бөлүнүп өз алдынчалыгын жарыялаган мамлекет. Москва Абхазияны көз карандысыз мамлекет катары тааныган. Бирок, Орусиянын мындай чечимин дүйнөдөгү саналуу өлкөлөр гана колдогон.

Абхазияны өзүнчө мамлекет катары дүйнөнүн көпчүлүк мамлекеттери, анын ичинен Кыргызстан да тааныган эмес. Март айында Бишкекте Абхазиядан ташылган автоунааларды Кыргызстанда каттоону мамлекеттик органдардан талап кылгандар митингге чыккан. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG