Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:52

Айсулуу Тыныбекова UWW рейтингинде биринчи орунга чыкты


Айсулуу Тыныбекова. Архивдик сүрөт.
Айсулуу Тыныбекова. Архивдик сүрөт.

Кыргызстандык спортчу, күрөш боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова Биргелешкен Күрөш Дүйнөсү уюмунун (UWW) рейтингинде биринчи орунга чыкты. Бул тууралуу сөз болуп жаткан уюмдун сайтына жарыяланды.

Балбан кыз мындай ийгиликке 8-13-июнь күндөрү Польшанын борбору Варшавада өткөн “Poland Open” эл аралык мелдешинде алтын медаль уткандан кийин жетти. Айсулуу бул мелдештин финалында канадалык Анна Паула Годинез Гонзалезди 7:1 эсеби менен жеңген.

Айсулуу азыркы тапта дүйнө чемпиону. Ал бул наамга эки жыл мурда Нур-Султан шаарындагы чемпионатта ээ болгон жана Токио жайкы Олимп оюндарына жолдомо алган. Азиянын төрт жолку чемпиону. Ал 62 килограммга чейинки салмакта күрөшөт. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG