Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:34

УКМК: "Женгонун" кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү кармалды


“Опузалап талап кылуу” беренеси менен шек саналып кармалган “Т.И.М.”.
“Опузалап талап кылуу” беренеси менен шек саналып кармалган “Т.И.М.”.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) "Женго" каймана аты бар Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсүн (“Т.И.М.”) Жазык кодексинин “Опузалап талап кылуу” беренеси менен кармады.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, 18-майда кылмышка шектүү баштаган топ бир адамды Ош шаарынын четине алып барып, курал менен коркуткан.

Алар жабырлануучунун машинесин тартып алып, "общаковская кассага" деп 300 000 сом талап кылышкан. Арыздануучу кыйноого катышкан адамдардын арасында “Досоновдун жеке айдоочусумун” деген "Р. у. А." аттуу жаран кошумча дагы бир миң АКШ долларын талап кылганын айткан.

Кылмышка шектүү учурда УКМКнын Ош облустук башкы башкармалыгынын тергөө абагына киргизилди. Анын калган шериктерин аныктоого байланыштуу иштер жүрүп жатат.

УКМК февраль айында өлкөнүн түштүк аймагын "көзөмөлдөгөн кримтөбөл" деген Кадыр Досонов кармалганын маалымдаган. Анын адвокаты Досонов атайын кызматтын Оштогу башкармалыгына өзү барганын билдирген. "Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо)" беренеси менен айып коюлган кримтөбөл атайын кызматтын Бишкектеги тергөө абагында кармалып турат. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG