Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:53

Министрлик айыл чарба өнүмдөрүн экспорттоого тыюу салууну сунуштады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги Кыргызстандан айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн Евразия экономикалык биримдикке кирбеген мамлекеттерге ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салуу боюнча токтом долбоорун коомдук талкууга койду.

Ага ылайык, буудайды, жүгөрүнү, арпаны, күрүчтү, унду, өсүмдүк майын, жумуртканы, кумшекерди жана чөп, саманды ушул жылдын аягына чейин тышка алып чыгууга тыюу салуу каралган.

Министрлик былтыр жогорудагы айыл чарба өсүмдүктөрүн себүү аянттары азайып, алардын баасы 60-70% чейин өсүп кеткенин билдирди. Анын үстүнө коронавирус пандемиясынан улам чек аралардын жабылышы да бул айыл чарба продукцияларынын тартыштыгына алып келген.

Андан тышкары кыш мезгилинде кар аз жаап, жаздын кеч келиши талаа жумуштарына тоскоол болгону, жайдын кургакчыл болушу быйыл айыл чарба тармагына терс таасирин берери белгиленди.

Кыргызстанда азык-түлүктүн жетишсиздигине жол бербөө максатында 8-январдан баштап буудай, арпа, жүгөрү, күрүч, тоюттар, ун, өсүмдүк майы, кумшекерди жана жумуртканы ЕАЭБден тышкары өлкөлөргө экспорттоого тыюу салынган. Эми мындай чектөөнү жылдын аягына чейин узартуу сунушу берилди. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG