Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2021 жума, Бишкек убактысы 17:56

Айтмаматов бажыдан "байыды" деп камалды


Нурбек Айтмаматов.

Улуттук коопсуздук кызматы (УКМК) Түштүк-Батыш бажысынын жетекчиси Нурбек Айтмаматовду “мыйзамсыз баюу” беренеси менен камакка алды.

Атайын кызмат ал "жемкорлук менен табылган 6 миллионго жакын долларга бааланган мүлккө ээлик кыларын" жарыялады.

Айтмаматовдун "байлыгы"

Расмий маалыматка ылайык, Нурбек Айтмаматов “товар ташуудагы коррупциялык схема түзгөн” деп шек саналып жатат. УКМК аны 10-июнда мекеменин убактылуу кармоочу жайына киргизди.

УКМК тараткан сүрөт.
УКМК тараткан сүрөт.

"Ыйгарым укугунан пайдаланып, товарларды туура эмес декларациялоо үчүн коррупциялык схемаларды колдонуп, товарлардын жалган транзитин уюштуруп, көмүскө киреше алып турган", - деди атайын кызматтын басма сөз өкүлү Назгүл Кыдыралиева.

УКМК тараткан сүрөт.
УКМК тараткан сүрөт.

УКМК Айтмаматовдун мыйзамсыз жол менен табылган мүлктөрү деп жалпы баасы 4,5 миллион АКШ долларына барабар 30дан ашуун элиталык батирдин, 1 миллион долларга бааланган 10дон ашуун автоунаанын сүрөтүн жарыялады.

Атайын кызматтын материалдарына ылайык, ал көмүскө кирешесинин бир бөлүгүн эки курулуш компания аркылуу мыйзамдаштырууга аракет кылган.

Учурда Жазык кодексинин 323-беренеси (“Мыйзамсыз баюу”) менен сотко чейинки өндүрүш башталды.

Бул макала жазылып жаткан чакта Айтмаматовдун жакындары жана жактоочулары менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Нурбек Айтмаматов деген ким?

Нурбек Айтмаматов бажы тармагында 2003-жылдары инспектор болуп иштеп баштаган. Жетекчилик кызматтарга акыркы жылдары эле көтөрүлгөн. Кызыгы, 2020-жылы Айтмаматов өзү Бажы кызматындагы кыңыр иштерге бөгөт коюучу Ички иликтөө жана коррупцияга каршы бөлүмүн башкарган.

Ал Түштүк-Батыш бажысынын жетекчилигине быйыл февраль айында дайындалган.

Мындан төрт ай мурун Kaktus.media интернет басылмасы Айтмаматовдун байлыгын иликтеген. Анда бажычынын аялы Чынара Матанова "НТС трейд" курулуш компаниясына, апасы Канымбү Кулбаева "Капитал Строй Инвест", "Роял Констракшн", жана "Роял Текстиль" ишканаларына ээлик кылары айтылат.

Апасы мындан тышкары "Ош-Коммунальщик", "Коммунтехсервис и К" фирмаларынын директору катары жазылган. Ошондой эле басылма 2016-жылы Айтмаматов жана анын апасы курулуш компанияларынын негиздөөчүсү болгонун көргөзгөн.

Kaktus.media мамлекеттик кызматкердин жакындарына катталган байлык кандай жол менен табылган деп суроо салган.


Иликтөөнүн автору журналист Марат Уралиев кыргыз бажысы коррупцияга малынып калганын белгилеп, бийликтин жемкорлукка каршы күрөшү биринчи кезекте ушул тармактан башталышы керек деп эсептейт.

“Бажы кызматында коррупция гүлдөгөнүн баары билет. Бажы кызматкерлери кандай жашай турганын көрүп жүрөбүз. Жаңы бийлик келген сайын коррупцияга каршы күрөш баштайт. Эми акыры кандай болот, азыр айтуу кыйын. Эгерде бул тармакта жемкорлук тыйылбаса, коомчулукта нааразылык кала берет”, - деди Уралиев.

Байма-бай жарыяланган иликтөөлөр

Соңку жылдары бажыдан байыган жетекчилердин шектүү мүлктөрү жөнүндө журналисттик иликтөөлөр байма-бай жарыяланып келет.

Жакында эле Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору (OCCRP) өнөктөштөрү Bellingcat жана "Клооп" менен биргеликте Кыргызстандын Бажы кызматынын мурдагы кызматкери Замирбек Карашевдин байманалуу жашоосу тууралуу жаңы иликтөөсүн жарыялады.

Кыргызстанда былтыр элдик толкундоолор менен бийлик алмашкандан бери эле Бажы кызматында төрт жетекчи алмашты.

7-июнда Экономика жана финансы министрлигине караштуу мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы болуп Самат Исабеков дайындалды. Ал буга чейин “Азаттык” радиосунун бул тармактагы ири коррупциялык схемаларды ачыктаган иликтөөсүндө көйгөйдү ачык айтып чыккан. Исабеков бажы тармагында реформа кылууга аракеттенерин билдирди.

Самат Исабеков.
Самат Исабеков.

“Коррупция менен күрөшүү керек. “Мен коррупция менен күрөшөм” деп ооз көптүрүп жатып өздөрү аралашып кетүүдө. Мен жемкорлукту азайтууга аракет кылам. Толук жеңип чыгууга азырынча мүмкүнчүлүктү көрө элекмин. Толук жеңип чыгуунун мамлекеттик деңгээлдеги механизмин табыша элек. Ошондуктан менин максатым - коррупцияны алсыздандыруу, ылдамдыгын азайтуу”, - деди Исабеков.

"Уурдоо мүмкүнчүлүгү ууруну көбөйтөт"

2020-жылы Улуттук статистика комитетинин мамлекеттик органдарга элдин ишеним деңгээлин аныктаган изилдөөсүндө Бажы кызматы "эң коррупциялашкан мекеме" деп табылган.

Өлкөнүн эгемен тарыхында мурдагы бажычы Райымбек Матраимовдун аты аталган иш, чуулгандуу журналисттик иликтөөлөрдүн бири болуп калды. Акыркы эки жылдагы саясий окуялар, элдик толкундоолордун учкуну дал ушул бажы тармагындагы коррупция, аны ачыктаган иликтөөлөр болгон.

Саясат талдоочу Руслан Акматбек жемкорлук менен күрөшүүнүн мындай өңүтүнө токтолду.

“Уурдоо мүмкүнчүлүгү ууруларды пайда кылат” деген сөз бар. Коррупциянын кесепети менен гана күрөшүп келебиз. Калкка жага турган “кармалды, кустурду” дегенге өтүп алдык. Ошол жемкорлорду пайда кылган системаны өзгөртүү керек. Бардык бийлик муну жасаган жок. Бажыны автоматташтырса болот. Коррупцияны жое турган шарт түзүлбөдү. Камоолор маанилүү бирок, андан дагы маанилүүсү калып калды”, - деди.

2021-жылы Бишкектин Биринчи май райондук соту Райымбек Матраимовду жемкорлук боюнча күнөөлүү деп таап, ага 260 миң сом айып пул чегерген. Атайын кызмат бул иш боюнча тергөө жүргүзгөндө Матраимов өзү жана бажыдагы башка кызмат адамдары 2016-жылы бажы системасында коррупциялык схема түзүшкөнүн, бул схема азыркыга чейин иштеп турганын билдирген. Матраимов айыптуу экенин өзү сотто мойнуна алган. Мамлекеттик чыгым катары 2 миллиард сом төлөп берип, жазадан кутулган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Матраимовго карата кылмыштуу кирешени адалдоо боюнча кайрадан иш козгоп, 18-февралда камакка алган.

15-апрелде далил табылбаганын билдирип, териштирүүнү токтоткон жана өзүн боштондукка чыгарган. Матраимов өзү жана анын жакындары иликтөөлөрдө айтылган дооматтарды четке кагып келет.


Жакында "Клооп" сайты Райымбек Матраимов Бишкектеги Эркиндик бульварынан жанындагы көп кабаттуу үйдөн пенстхаус сатып алганын жазды. "Клооп” пентхаус канчага алынганы азырынча белгисиз экенин, бирок ошол үйдүн алдыңкы кабатындагы аянты 230 чарчы метр болгон ошондой эле батирдин баасы 200 миң доллар турарын жазды.

Батирге мурда Айбек Абдуллаев аттуу адам ээлик кылган. Ал кезде пентхаус бир жыл бою Бишкектин Ленин райсотунун чечими менен камакта турган. Камактан алынгандан үч күн өтпөй Матраимов бул апартаментти сатып алган.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG