Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2021 жума, Бишкек убактысы 17:36

Матраимовдун иши, медианын күчү


2019-жылы коррупцияга каршы чыккан акциялардын бири. Бишкек. Архив.

Өлкөнүн эгемен тарыхында “Матраимовдун иши” эң чуулгандуу журналисттик иликтөөлөрдүн бири болуп калды.

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жана анын үй-бүлөсүнүн үч медиага каршы доосунун кыскартылганына алардын арызынан баш тартканы себеп болду.

Матраимовдун жактоочулары азырынча доодон баш тартканынын себебин түшүндүрө элек. Журналисттик иликтөөлөргө байланыштуу Матраимовдор "Азаттык", "Клооп", "24.kg" медиаларына жана журналист Али Токтакуновдон жалпысынан 60 миллион сом өндүрүп берүүнү соттон өтүнүшкөн.

"Журналисттер" коомдук уюмунун жетекчиси Марс Тулегенов кандай болгон күндө дагы Матраимовдордун жалпыга маалымдоо каражаттары менен юридикалык каршылашуудан баш тартканын кубаттайт.

Тулегеновдун пикиринде, бул журналисттиканын жеңиши катары эсептелиши керек жана кабарчылардын резонанстуу материалдарды улантуусун шарттайт.

“Матраимовдордун жалпыга маалымдоо каражаттарына (ЖМК) болгон доосунан баш тартканы кубандырат. Балким алар журналисттердин күчүн, таасирин мойнуна алды. ЖМКнын күчүн сезип калышты. Бул көрүнүш башка журналисттерге дагы дем берет. Демек, иликтөө кылсак сотко сүйрөлбөйбүз дегендей. Эми башка саясатчылар дагы бул көрүнүштөн үлгү алышы керек”, - деди Тулегенов.

Ошол эле учурда медиа эксперт Матримовдор жаңы бийликтин “сөз эркиндиги сакталат” деген саясатынын басымы менен журналисттерге койгон доосунан баш тартты деген пикирлерди дагы четке какпайт.

2019-2020-жылдары "Азаттык" радиосу, "Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору", (OCCRP) анын Кыргызстандагы өнөктөшү "Kloop" медиасы бажы тармагындагы коррупциялык иштерди ашкерелеген иликтөөлөрдүн сериясын жарыялап турду. Ал иликтөөлөрдө Матраимовдун катыштыгы айтылат.

Бул иликтөөлөрдү Райымбек, Искендер Матраимовдор, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк Ысмайыл Матраимов атындагы фонд каралоо деп эсептеп, сотко кайрылышкан.

Журналисттердин материалдары коомчулукта резонанс жаратып, өлкөнүн социалдык-саясий абалына таасир этти. Буга байланыштуу Бишкекте бир нече нааразычылык акциялары өтүп, мурунку жана азыркы бийликтин дагы жемкорлук менен күрөшүүдө негизги көрсөткүч катары Матраимовдун иши турду.

Мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун бийлигине оппозиция Райымбек Матраимовдун ишин иликтебегенин негизи дооматтарынын бири катары айтып келди.

Жарандык активист Улан Үсөйүн Кыргызстандагы журналисттик иликтөөлөрдүн ролуна токтолду.

Улан Үсөйүн.
Улан Үсөйүн.

“Кыргызстандагы акыркы болуп жаткан өзгөрүүлөрдүн түбү журналисттик иликтөөлөргө барып такалат. Жарандардын өзүнүн позициясын айтып чыгышы ошол иликтөөнүн негизинде башталган. Коомдун козголушу, анын аргументтери иликтөөгө таянып айтыла баштаган. Алдыда дагы коомдун таянычы медиалардын иликтөөлөрүнө болот. Алар бизге карадан акты бөлүп көрсөтүп берип жатат”, - деди активист.

Бирок, журналист Нургазы Мусаев Матраимовдун иликтөөсүн жасалма күчөткөн күчтөр болгон деп эсептейт.

"Андан ашык Дашков дегенди Али Токтакунов изилдеди. Анчалык резонанс болгон жок. Анан кландардын дагы оюндары аралашты. Байкоо салып карай турган болсок, "коррупция кетсин" деп чыгып жүргөн Улан Үсөйүн сыяктуу жарандык активисттер, Матраимов саясий айдыңдан кеткенден кийин ажоголуп кетти. Матраимовго каршы күчтөр дайыма иштеп келгенин көрүүгө болот".

Анткен менен Матраимов жөнүндө иликтөөлөр эл аралык коомчулуктун дагы назарына илинди. АКШнын Финансы министрлиги былтыр декабрда Райымбек Матраимовду жана анын жубайы Уулкан (Аманда) Тургунованы "Магнитский акты" деп аталган "кара тизмеге" киргизген.

2020-жылдын октябрь окуясындагы элдик толкундоолордо Райымбек Матраимовго таандык делген партиянын парламенттик шайлоодо алдыга чыгышы, кошул-ташыл нааразычылыкты жараткан. Садыр Жапаров бийликке келгенден баштап, Матраимов маселесин иликтөө талабы күн тартибинен түшкөн жок.



Иликтөөчү журналист Али Токтакунов Матраимовдун мисалы бардык аткаминерлерге сабак болушу керек деп эсептейт. Токтакунов медиада иликтөө жанры жанданып, журналисттер ири коррупциялык схемалардын кыйрашына себепкер боло аларына ишеним пайда болду дейт.

“Азыр Кыргызстанда иликтөөчү журналистика кыртыш алып, редакциялар көбөйүп, башка деңгээлге көтөрүлдү. Коррупционер бийлик, сот, күч, акча менен басып коем деген заман өттү. Эбегейсиз күчү бар Матраимов же башка кландар болобу, сөзсүз бир күнү журналисттердин назарына түшөт. Ушуну унутушпасын!".

Иликтөөчү журналисттердин бири Болот Темиров кабарчылардын Райымбек Матраимовдун коррупцияга аралашканын дээрлик бир нече жыл ичинде иликтеп берген материалдар турса да, соттун татыктуу жаза бербегенин сынга алды. Темиров азыркы бийлик дагы Матраимовдорду калкалап жатат деп нааразы.

“Иликтеп, байлыгын ачык көрсөтүп бердик. Бирок, ал кур мээнет бойдон калды. Мамлекетке каражат төлөгөн күндө дагы мыйзамдуу жазасын алышы керек эле. Бул “уурдап бир аз акча берип, эркиндикте калам” деген түшүнүктү жайылтат. Анын учурда бош жүргөнү иликтөөчү журналисттердин коопсуздугуна шек жаратып жатпайбы", - деди Темиров.

Быйыл Бишкектин Биринчи май райондук соту Райымбек Матраимовду жемкорлук боюнча күнөөлүү деп таап, ага 260 миң сом айып пул чегерген. Атайын кызмат бул иш боюнча тергөө жүргүзгөндө Матраимов өзү жана бажыдагы башка кызмат адамдары 2016-жылы бажы системасында коррупциялык схема түзүшкөнүн, бул схема азыркыга чейин иштеп турганын билдирген. Матраимов айыптуу экенин өзү сотто мойнуна алган. Мамлекеттик чыгым катары 2 миллиард сом төлөп берип, жазадан кутулган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Матраимовго карата кылмыштуу кирешени адалдоо боюнча кайрадан иш козгоп, 18-февралда камакка алган. 15-апрелде далил табылбаганын билдирип, териштирүүнү токтоткон жана өзүн боштондукка чыгарган.

Эл арасында “Райым миллион” деген каймана ат менен таанымал Райымбек Матраимов 2010-жылдагы бийлик алмашуудан кийин коомчулукта аты атала баштаган. 2015-жылы алгачкылардан болуп “Азаттык” радиосунда “Райым миллиондун” ийгилигинин “сыры” деген макала жарык көрүп, анда бажыдагы коррупциялык иштер тууралуу азыноолак кеп болгон.

Андан кийин “Азаттыктын” иликтөөчү журналисти, маркум Уланбек Эгизбаевдин 2017-2018-жылдары бажы тармагындагы коррупциялык схемаларды ачыктаган иликтөөсүндө Райымбек Матраимовдун аты аталып, мамлекеттик кызматта иштеген аткаминер кайдан байлык топтогон деген суроо коюлган.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG