Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:20

УКМК парламент депутаты жасалма диплом колдонгонун аныктады


Жогорку Кеңештин депутаты «З.Т.З.» жасалма делген диплому.
Жогорку Кеңештин депутаты «З.Т.З.» жасалма делген диплому.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) "З.Т.З." аттуу Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты, мурдагы вице-спикер жасалма дипломду колдонгону аныкталганын билдирди.

Ага ылайык, депутат билим алуу үчүн акы төлөбөгөндүктөн 1998-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Тарых факультетинин үчүнчү курсунан чыгарылган.

Андан кийин, ал Кыргыз улуттук университетинин диплому делген жасалма документти Ош мамлекеттик университетине тапшырууда колдонгон. Ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаты, активдүү саясий ишмердүүлүк мезгилде экинчи жогорку билим алган.

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университеттен алынган жоопко караганда, "З.Т.З" университеттин бүтүрүүчүлөрүнүн катарында жок болгон, көрсөтүлгөн номер менен катталган диплом башка адамга берилген.

УКМК тараткан маалыматтагы "З.Т.З" деген депутаттын ысымы ушул тушта Кумтөргө байланыштуу атайын кызматтын тергөө абагында жаткан, Жогорку Кеңештин депутаты Зулпукаров Төрөбай Закировичтин аты-жөнүнө туура келет. Ал КСДП фракциясынын депутаты, 2012-2015-жылдары вице-спикер болгон. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG