Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:49

"Кумтөр иши": камактагы Зулпукаров кат жолдоду


Төрөбай Зулпукаров
Төрөбай Зулпукаров

"Кумтөр иши” боюнча камакка алынган Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров абактан кат жазды. Зулпукаровдун катын журналист Шайырбек Абдрахман "Фейсбуктагы" баракчасына жайгаштырды. Анда ал өзүнө тагылган айыпты четке каккан.

“Кумтөр” ишканасы боюнча ишке бир да тиешем жок. Мен "Кумтөрдө" иштеген кызматкерлерди тааныбайм. Түзүлгөн депутаттык комиссиянын корутундусу Жогорку Кеӊеште каралып жаткан учурда, бир да ооз эки жана кагаз түрүндө сунуш да бербептирмин. Эгер мыйзам иштесе мага карата мындай чечим чыгышы мүмкүн эмес эле", - деп жазган депутат.

Төрөбай Зулпукаров КСДП партиясы менен эки жолу Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. 2012-2015-жылдары вице-спикер болуп иштеген. Бул жылдары парламентти Асылбек Жээнбеков башкарган.

"Кумтөр иши" менен Зулпукаровдон тышкары депутат Асылбек Жээнбеков, экс-депутаттар Исхак Пирматов, Талант Узакбаев жана экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов камакка алынган. Бешөөнө тең Жазык кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүмү, “Коррупция” менен айып тагылып жатат.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет алардын баары Кумтөр кенин иштетүүгө байланыштуу жемкорлукка шек саналып жатканын расмий кабарлаган. Бирок кайсы жылда болгон аракеттер, кайсы фактылар экенин айта элек. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG