Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:34

Ош шаардык кеңешине шайлоого тогуз партия арыз тапшырды


Сулайман-Тоо.
Сулайман-Тоо.

Ош шаардык кеңешине кайра шайлоого катышуу үчүн тогуз партия документтерин тапшырды. Бул тууралуу Аймактык шайлоо комиссиясы билдирди.

Шайлоого катышуу үчүн документтерин берген партиялардын ичинен "Келечек-Будущее", "Нур", "Биздин Кыргызстан" саясий партиялары шаардык кеңешке жаңы катышып жатат. Калган алтоо 11-апрелдеги жыйынтыгы жокко чыгарылган шайлоодо ат салышкан.

Партиялардын жалпы тизмеси:

  • "Ынтымак"
  • "Улуу Журт"
  • "Бир бол"
  • "Бүтүн Кыргызстан"
  • "Ата-Журт-Кыргызстан"
  • "Улуттар Биримдиги"
  • "Келечек-Будущее"
  • "Нур"
  • "Биздин Кыргызстан"

Ал эми Бишкек шаардык кеңешине 17 партия, Токмок шаардык кеңешине алты партия арыз берди.

Быйыл 11-апрелде Кыргызстандын бир катар шаардык жана жергиликтүү кеңештерине шайлоо өткөн. Добуш сатып алуу жана административдик ресурс чырынан улам Бишкек, Ош, Токмок шаарларындагы шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылып, кайра шайлоо 11-июлга белгиленген. (DU)

XS
SM
MD
LG