Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:32

Бажычы Нурбек Айтмаматов 10-августка чейин камакта калды


Нурбек Айтмаматов.
Нурбек Айтмаматов.

Экономика жана финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик бажы кызматынын Түштүк-Батыш бажысынын башчысы Нурбек Айтмаматов 10-августка чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында болот.

Бишкектин Биринчи май райондук соту анын бөгөт чарасын 12-июнда карап, ушундай чечим чыгарды.

УКМК Нурбек Айтмаматовду 10-июнда камакка алып, ага “Мыйзамсыз баюу” беренеси менен айып койгон. Атайын кызматтын маалыматына ылайык, ал бажыда товарларды туура эмес декларациялоо үчүн коррупциялык схемаларды колдонуп, товарлардын жалган транзитин уюштуруп, көмүскө киреше алып турган.

Жемкорлуктун натыйжасында жалпы баасы 4,5 миллион АКШ долларына барабар 30дан ашуун элиталык батир, бир миллион долларга бааланган 10дон ашуун автоунаа алганы айтылган.

Айтмаматовдун жактоочу, жакындары буга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.

2020-жылы Улуттук статистика комитетинин мамлекеттик органдарга элдин ишеним деңгээлин аныктаган изилдөөсүндө Бажы кызматы "эң коррупциялашкан мекеме" деп табылган. “Азаттык” буга чейин кыргыз бажысындагы тутумдашкан коррупциялык схема, аткезчиликтин айла-амалдары тууралуу бир нече журналисттик иликтөөлөрдү жасаган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG