Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июль, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 22:39

Үч шаардагы кайра шайлоого документ тапшыруунун мөөнөтү аяктады


Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине кайра шайлоого катышуу ниетин билдирген партиялардын документтерин кабыл алуу мөөнөтү аяктады.

Аталган шаарлардын аймактык шайлоо комиссияларынын 14-июндагы маалыматына ылайык, Бишкек шаардык кеңешине 17 партия, Ошко тогуз, Токмок шаардык кеңешине алты партия арыз берди.

Эми бул партиялар талапкерлеринин тизмесин 20-июнга чейин бериши керек. Үгүт иштерин 20-июндан 10-июлга чейин өтөт.

Быйыл 11-апрелде Кыргызстандын бир катар шаардык жана жергиликтүү кеңештерине шайлоо өткөн. Добуш сатып алуу жана административдик ресурс чырынан улам Бишкек, Ош, Токмок шаарларындагы шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылып, кайра шайлоо 11-июлга белгиленген. (MiK)

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG