Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:27

Орусияда коронавирус күчөдү, Москвада бир апта дем алыш жарыяланды


Москва шаары, Белорусский вокзалы. 11-июнь, 2021-жыл.
Москва шаары, Белорусский вокзалы. 11-июнь, 2021-жыл.

13-июнда Москва шаарынын мэри вирустун жайылышын ооздуктоо үчүн жашоочуларды үйдөн иштөөгө чакырды.

19-июнга чейинки күндөрдү дем алыш деп жарыялады.

Бир эле күндө Орусияда вирус 14 723 адамга жукканы аныкталган. Анын ичинен 7704 учур Москва шаарына туура келет. Бул декабрдан берки эң жогорку көрсөткүч.

20-июнга чейин Москванын парктарындагы көңүл ачуучу жайлар, балдар ойной турган жана спорт аянтчалары ишин токтотот, ал эми соода борборлорунун тамактануу жайлары жана балдар аянтчалары жабылат.

Коомдук тамактануучу жайлар жана түнкү клубдар саат 23:00дөн баштап таңкы саат 6:00 чейин кардарларды тейлебейт.

Москванын мэри Сергей Собянин пандемия жайдын биринчи айларында күчөй турганын айтып, аны вирустун жаңы штаммдары менен байланыштырды.

“Биз пандемия жазында күчөп, анын туу чокусу апрель-май айларына келет деп болжолдогонбуз, бирок ал июнь-июль айларына жылып кетти. Москванын тургундарынын жарымынын иммунитети бар. Алар же ооруп айыккандар же эмделгендер. Ошентсе да COVID-19 өтө агрессивидүү түрдө тарап жатканына күбө болуп жатабыз”, - деди Собянин.

Орусияда болжол менен 144 миллион киши жашайт.

Өлкө “Спутник V” вакцинасын алгачкылардан болуп жактырып, ал элге 2020-жылдын август айында сайыла баштаган. Дүйнөдөгү коронавируска каршы алгачкы вакцина болуп саналат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG