Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:59

Ош COVID-19 эң көп катталгандар боюнча Бишкектен кийинки орунга чыкты


Ош шаары. Архивдик сүрөт.
Ош шаары. Архивдик сүрөт.

Ош аймагы коронавирус эң көп катталгандар боюнча Бишкектен кийинки орунда кала берүүдө. Мындай көрүнүш соңку бир нече күндөн бери сакталып, Ош шаарында жана Ош облусунда ооруну жугузуп алгандардын саны жалпысынан бир күндө 150-160тын тегерегинде болууда.

Буга чейин коронавирус боюнча Бишкектен кийинки орунда Чүй облусу турган.

8-июндан тартып Ош шаары менен Ош облусу "кызыл зонага" кирди. 12-июнда Ош шаарындагы оор санитардык-эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу 1-июлга чейин бардык массалык иш-чараларга чектөө киргизилди.

Кыргызстанда бул ооруну жугузуп алгандардын саны өсүүдө. 13-июнга карата вирус менен 120 миңдей адам катталды, алардын 1890у каза болду. Адистер расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай жатканын, ооругандар да, каза болгондор да андан көбүрөөк экенин айтып келишет. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG