Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:15

Кытайда базардагы жарылуудан кеминде 12 адамдын өмүрү кыйылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кытайда азык-түлүк базарында жарылуу болуп, кеминде 12 адамдын өмүрү кыйылды, дагы 138 адам жараат алды. Окуя 13-июнда Шиян (Борбордук Кытай, Хубэй провинциясы) шаарында болду. Жабыркагандарды издөө иштери уланууда.

Мамлекеттик телеканалдар жараат алгандардын 37синин абалы оор экенин кабарлашты.

Таң эрте болгон жарылуудан базардын имараты толук талкаланып, тегерек-четтеги үйлөрдүн айнектери сынып кеткен. Алдын ала маалыматтарга караганда, кырсыкка газ чыгып, өрт тутанганы себеп болгон. Шаарда кан куюу боюнча кошумча бекеттер иштей баштады. (RK)

XS
SM
MD
LG