Казакстанда сот үч кишини митингге катышканы үчүн үч күндөн беш күнгө чейинки мөөнөткө камакка алды. “Азаттык” радиосунун казак кызматынын маалыматына караганда, Орол шаарынын административдик соту активисттер Орынбай Охасовду, Дархан Кайырбаевди жана Амангелды Оразбаевди тынч жыйындарды өткөрүү тартибин бузууга айыптуу деп таап, алар акция өткөрүү үчүн уруксат албаганын билдирди.
Соттолгон үч активист шаардын борбордук паркында нааразылык акциясын өткөргөнү үчүн бир нече күн мурда кармалышкан. Алар соттун чечимине макул эместигин айтышты.
Акция 29-майда өткөн. Анын катышуучулары “Репрессияларды токтоткула!”, “Саясий туткундарга боштондук!” деген жазууларды көтөрүп чыгышкан.
Казак оппозициясы өлкөдө терең демократиялык реформаларды жүргүзүүнү, саясий камоолорду токтотууну талап кылган акцияларды өткөрүп келет. Бийлик алардын жүйөсү негизсиз экенин белгилеп жатат. (RK)