Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:02

Ирандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөр майнапсыз жыйынтыкталууда


Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Аббас Арагчи (солдон экинчи). Вена шаары.
Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Аббас Арагчи (солдон экинчи). Вена шаары.

Ирандын өзөктүк программасы боюнча кезектеги жолугушуу 2015-жылдагы тарыхый келишимди калыбына келтирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү тез арада жөнгө салууга болгон үмүттөрдү дээрлик жокко чыгарды. Австриянын борбору Вена шаарында өткөн жолугушуу 12-июнда жыйынтыкталды.

Ага Британиянын, Кытайдын, Франциянын, Германиянын, Орусиянын жана Ирандын өкүлдөрү катышып, Вашингтонду кайрадан келишимге кошулууга, ал эми Тегеранды анын шарттарын аткартууга аракет кылышты.

Европа Биримдигинин өкүлү Ален Маттон журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып: "Биз прогресске жетишип келе жатабыз, бирок бир катар маселелер боюнча интенсивдүү сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Эми делегациялар түрдүү форматта талкууну өз алдынча улантып, деталдарын талкуулашы керек",- деди.

Ирандын өкүлү Аббас Аракчи сүйлөшүүлөрдү бул өлкөдө 18-июнда өтө турган президенттик шайлоого чейин жыйынтыктоого жетишпей жатышканын айтты. Орусиянын өкүлү Михаил Ульянов кийин ишке аша тургандай келишимдин текстин даярдоого дагы кеминде эки апта талап кылынарын билдирди.

2015-жылы дүйнөнүн алты державасы - АКШ, Британия, Франция, Орусия, Кытай жана Германия Иран менен кол койгон келишим боюнча бул өлкө өзөктүк программасын чектеши керек эле. Бул үчүн Иранга карата эл аралык санкциялар алынган. Бирок АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп 2018-жылы келишимден чыгып кеткен. Тегеран ага жооп кылып, келишимдин айрым шарттарын аткаруудан баш тарткан.

18-июнда Иранда эки жолу төрт жылдык мөөнөт менен өлкөнү башкарып келген азыркы президент Хасан Роуханинин ордуна келе турган жаңы жетекчини шайлоо болот. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG