Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:35

COVID-19: Дагы тогуз адам каза болду, 558 бейтап жаңы катталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 13-июндагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул илдеттен тогуз адам каза болду. Көз жумган бейтаптардын бешөө Бишкекте, экөө Чүйдө, экөө Ысык-Көлдө катталды.

Жалпысынан өлкөдө коронавирустан каза болгондордун расмий саны 1890 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 558 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (231) жана Ош облусунда (78).

Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 110 370 адамга жетти.

Бир күндө 319 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 1976 адам жатат, дагы 2820 бейтап үйдөн дарыланууда.

Кыргызстанда 2020-жылдын март айында башталган коронавирус эпидемиясы июль айында курчуп, көп киши каза болгон.

Сентябрдын башында каза болгондор катталбай калган. Оорунун экинчи толкуну октябрда башталып, быйыл жазында вирусту жугузуп алгандардын саны кыйла азайган жана күнүнө 30га жетпеген бейтап катталып жаткан.

Адистер расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай жатканын, ооругандар да, каза болгондор да андан көбүрөөк экенин айтып келишет. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG