Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:00

Жапаров: Жеңил өнөр жайын колдоо уланат, ири долбоорлорду ишке ашырууга көмөк көрсөтүлөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекет жеңил өнөр жай тармагын колдоо боюнча иштерди улантат, ири долбоорлорду жүзөгө ашырууга көмөк көрсөтөт. Бул тууралуу 13-июнда президент Садыр Жапаров аталган тармакта иштегендердин кесиптик майрамы менен куттуктоосунда айтты.

Мындай долбоорлор ишке ойдогудай ашса, он миңдеген жумуш орундарын түзүүгө жана өнүгүүнүн жаңы деңгээлине өтүүгө мүмкүнчүлүк берилерин белгиледи.

Президент кездеме токуу, кийим тигүү, бут кийим жасоо жана булгаары иштетүү ишканаларынын жетекчилери менен жумушчуларынын күжүрмөн эмгегинин аркасында өлкөнүн социалдык-экономикалык мүмкүнчүлүктөрү жогорулап жатканын кошумчалады.

Анын айтымында, жакынкы мезгилде өндүрүштүн жаңы талаптарына жооп берген квалификациялуу кадрларды даярдоо боюнча иш жүргүзүлө баштайт.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандын тигүү тармагында өндүрүш начарлап кеткен. Ошондон улам ондогон тикмечилер жумушсуз калса, айрымдары башка иш табууга мажбур болгон. Улуттук статистка комитетинин маалыматына караганда, 2020-жылы текстиль тармагы 20,4% кемиген. Санитардык-эпидемиологиялык чектөөлөр алынгандан бери тармакта ишмердүүлүк мурдагы нугуна түшүп келе жатат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG