Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:47

Орусиялык блогер Юрий Дудь маңзатты үгүттөөгө айыпталды


Юрий Дудь.
Юрий Дудь.

Москва шаарынын Зюзинский райондук сотуна орусиялык журналист, блогер Юрий Дудду интернетте маңзатты үгүттөөгө айыптаган административдик иш келип түштү. Бул тууралуу аталган соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Быйыл апрелде “Коопсуз интернет лигасынын” директору Екатерина Мизулина Дуддун YouTube каналындагы видеого байланыштуу полицияга даттанган. Уюмдун Ички иштер министрлигине жолдонгон арызында блогердин Моргенштерн жана Ивангай менен болгон эки интервьюсунда баңгизатты жактаган сөздөр айтылганы белгиленет.

Полициядан маалымдашкандай, даттануу боюнча административдик иликтөө башташкан, бирок жыйынтыгында кимге протокол түзгөнүн такташкан эмес.

Юрий Дудь «вДудь» каналы аркылуу коомчулукка кенен таанымал. Анын каналына 9 миллиондон ашык киши жазылган. Ивангай жана Моргенштерн менен интервьюлары жалпы 46 миллион жолу көрүлгөн.

Дудь мурдараак Орусиядагы негизги оппозиционер Алексей Навальный уюштурган бийликке каршы акцияларга да катышып жүргөн. Анын видео иликтөөлөрүндө бийликке карата сын пикирлер көп айтылат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG