Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:33

АКШда Пулитцер сыйлыгынын лауреаттары аталды


The New York Times гезитинин кеңселеринин бири. Иллюстрациялык сүрөт.
The New York Times гезитинин кеңселеринин бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Америка Кошмо Штаттарында журналисттер арасында жогору саналган Пулитцер сыйлыгынын лауреаттары аталды. Reuters жана Associated Press агенттиктери, Atlantic журналы жана The New York Times гезити коронавирус пандемиясын чагылдырганы үчүн бул престиждүү сыйлыкка татыды.

Reuters, Associated Press агенттиктери жана Los Angeles Times менен Minneapolis Star Tribune гезиттеринин журналисттери афроамерикалык Жорж Флойддун өлүмүнүн кийинки кармоолордун фонундагы АКШдагы расалык теңсиздикти чагылдырганы үчүн сыйлыкка ээ болушту. Пулитцер ошондой эле Reuters маалымат агенттигинин журналисттеринин полициядан жабыр тартып, соттордо адилеттикке жетпей калгандар жөнүндөгү материалдарына да ыйгарылды.

BuzzFeed басылмасынын Кытай бийлигинин уйгурларды репрессиялоо үчүн курулган инфраструктура жөнүндөгү иликтөөсү да сыйлыкка татыды.

Пулитцер сыйлыгы Колумбия университети тараптан ыйгарылат. Ал дүйнөдө журналистика тармагындагы эң престиждүү сыйлык болуп саналат. Анын биринчи лауреаты 1917-жылы америкалык журналист Герберт Своуп болгон. Ал сыйлыкты The New York World газетасындагы “Германия империясынын ичинде” аттуу макалалардын сериясы үчүн жеңип алган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG