Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:16

Кыргызгидромет: Аба ырайы туруксуз болуп, сел жүрүшү мүмкүн


Кыргызстанда жүргөн селдердин бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстанда жүргөн селдердин бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызгидрометеорология агенттиги шашылыш билдирүү таратып, 12-15-июнда республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда туруксуз аба ырайы күтүлөрүн, сел жүрүшү мүмкүн экенин эскертти.

13-июнда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Талас, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жана Талас, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын жаабайт.

Күндүз Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр себелейт, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

Абанын температурасы:

Нарын облусунда түнкүсүн 6...11, күндүз 16...21,

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн 7...12, күндүз 18...23,

Талас дубанында түнкүсүн 10...15, күндүз 24...29,

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 13...18, күндүз 26...31,

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 16...21, күндүз 28...33,

Бийик тоолордо түнкүсүн -2...-7, күндүз 4...9 градус болот.

13-июнда Бишкек шаарында түнкүсүн да, күндүзү да өткүн өтөт. Абанын табы түнкүсүн 13...15, күндүз 29...31 градусту түзөт. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG